Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:23

Жүздөй өлкө кластердик бомбага негизги оюнчуларсыз тыюу салат


Кластердик бомбанын тулкусу абадан жерге түшө электе, орто жолдо жарылып, майда дүрмөттөрү туш -тарапка чачырап кетет

Кластердик бомбанын тулкусу абадан жерге түшө электе, орто жолдо жарылып, майда дүрмөттөрү туш -тарапка чачырап кетет

Дүйнөнүн жүздөй өлкөсүнүн өкүлдөрү Ослодо кластердик бомбага тыюу салууну караган келишимге кол койо баштады. Бирок алардын арасында бомбанын бул түрүн өндүрүүчү жана колдонуучу ири өлкөлөр жок. Мындай шартта эл аралык келишимди кабыл алуунун канчалык маңызы бар?

Кластердик же чачырама бомбанын башкалардан айырмасы - тулкусу жерге түшө электе эле абадан жарылганда андан дагы миңдеген майда дүрмөттөрдүн бөлүнүп, ага катар кеңири аймакка чачырап кеткенинде. Бомбанын бул түрүнө тыюу салуу боюнча аракеттер көптөн бери көрүлүп келе жатканы менен эл аралык келишимдин долбоорун 107 өлкө быйыл майда Ирландия борбору Дублинде өткөн конференцияда макулдашкан. Ошол 107 өлкөнүн ичинде Борбор Азиядан жалгыз Кыргызстан гана бар.

Норвегия башкааласы Ослодо келишимге кол коюу жараяны шаршембиде башталды, бейшемби күнү да улантылмакчы. Келишимге кол коюп жаткандардын арасында кластердик бомбаны колдонууну эч убакта эңсебеген Ватикан, Сан-Марино, Шейшел аралдары, Папуа -Жаңы Гвинея, Фижи өңдүү кичинекей өлкөлөр да жүрөт. Туруксуздукка тушугуу ыктымалдуулугу жогору Босния – Герцоговина, Сербия, Судан, Чыгыш Тимор, Конго өңдүү мамлекеттердин кошулуусун адистер оң баалап жатышат. Аскерий жактан салмактуу өлкөлөр арасынан келишимге кошулгандар ичинде Франция, Британия, Германия, Италия, Жапония, Канада бар.

Бирок кластердик бомбанын негизги өндүрүүчүлөрү жана колдонуучулары деп эсептелген Кошмо Штаттар, Орусия, Кытай, Израил, Индия, Пакистан келишимге кошулуудан баш тартышты. Мындай шартта эл аралык келишим аткарылабы, дегеле аны кабыл алуунун канчалык маңызы бар?

Томас Нэш - Кластердик ок-дары боюнча коалициянын координатору. Бейөкмөттүк уюмдардын башын кошкон бул бирикме соңку жылдары кластердик бомбага тыюу салуу үчүн күрөшүп келди. Томас Нэштин көз карашында, Ослодо кол коюлуп жаткан келишим, ага кошулбаган өлкөлөлөргө деле таасир бере алат:

- Бул жерде кол коюп жаткандардын көптүгүнөн улам кубаттуу белги жаралууда. Бул АКШ, Орусия, Кытай жана башкаларды кол койгон-койбогонуна карабай чектейт. Биз көп өлкөлөр келишимге 2009-жылдын башында Нью-Йоркто кол койот деп күтүп жатабыз. 1997-жылы жер миналарына тыюу салынганда, анын жалпыланышы он жылга созулуп, бул мезгилдин аралыгында кошулгандардын саны 157 өлкөгө жеткен. Кластердик бомбага тыюу салган келишимге кошулгандардын саны да ушунчага барат деп ойлойбуз.

Айткандай эле келишим Ослодон соң БУУнун баш кеңсесине – Нью-Йоркко жөнөтүлөт. Ал эми мыйзамдык күчкө кеминде 30 өлкө ратификациялангандан кийин кириши керек.

Кластердик бомба деле согуш учурунда колдонууга багытталганы менен жерге түшкөндөн кийин анын жарылбай калган майда бөлүктөрү уруш аяктагандан кийин да узак убакыт бою коркунуч жаратып келет. Эсептөөлөргө караганда, акыркы 40 жылда бомбанын бул түрүнөн каза тапкан же мунжу болуп калган адамдардын саны 100 миңдин тегерегинде.

Кластердик бомба же снаряддар кийнки кездери Орусия менен Грузия ортосундагы быйылкы жаңжалда, 2006-жылы Израил менен Ливандагы "Хезболла" тобу ортосундагы согушта, Ирак, Ооганстан, Косоводогу согуштарда колдонулган. Маалыматтарга караганда, согуштан кийин да 200дөй ливандык бомбанын чачырандыларына кабылып каза тапкан.

Рейтер агенттиги келтирген маалыматтарга караганда, ушу тапта дүйнөнүн 75 өлкөсүнүн кампаларында кластердик бомбалар сакталып турат. Жалпысынан 34 өлкө, бул бомбанын 210дон ашуун түрүн өндүрөт. Мындан сырткары кластердик бомбанын жарылбаган калдыктары Афганистан, Чад, Эритерия, Чеченстан, Сиерра-Лион жана Вьетнамдын аймактарында бар деп эсептелинет.

Бельгия - азырынча кластердик бомба өндүрүүчү компанияларга инвестиция салууну кылмыш катары тааныган жалгыз өлкө. Ал мындай чечимди былтыр мартта кабыл алган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG