Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Ооганстанда бир ай мурда уурдалып кеткен Даниэл Эгрето бошотулду


Ооганстанда бир ай мурда уурдалып кеткен Франциянын жараны Даниэл Эгрето бошотулду. Кайрымдуулук уюмунун кызматкери болуп иштеп жүргөн Даниэл Эгретону Кабулда ноябрдын башында куралчан согушкерлер уурдап кетишкен. Даниэл Эгрето билим берүү программалары менен иш алып барган бейөкмөт уюмда иштечү. Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Земарай Башары толук маалымат берүүдөн баш тартып, болгону Даниэл Эгрето Франция элчилигине жеткирилгенин тастыктады.

XS
SM
MD
LG