Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Еврокомиссия экс-советтик алты өлкөгө кызматташтык планын сунуш кылды


“Чыгыштагы өнөктөштүк” планы Украина, Грузия, Армения, Азербайжан жана Молдавия менен кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөйт. Эгер “Европанын акыркы диктатору” аталып жүргөн Александр Лукашенко демократиялык реформаларды баштап калса, анда долбоорго Белоруссия да кошулушу мүмкүн. “Чыгыштагы өнөктөштүккө” киргендерге жалпы эсепте 350 миллион евро өлчөмүндө финансылык көмөк көрсөтүлөт, анын бүткүл көлөмү 2020-жылга чейин 1,5 миллиард еврого жетиши мүмкүн. Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу каражаттын баары негизинен мамлекеттик институттарды чыңдоо, демократияны, мыйзам улуктугу принцибин бекемдөө максаттарына жумшаларын ырастады.

XS
SM
MD
LG