Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:51

УТРК кызматкерлери нааразылык акциясын улантышат


УТРКнын экс-вице-президенти Бейшенбек Бекешовдун “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча пикетчилер талабы аткарылмайынча аягына чейин турушат.

Улуттук телеканалдын 50дөй кызматкери мекеменин башкы жетекчиси Мелис Эшимкановду кызматтан кетирүү талабы менен кечээ мөөнөтсүз нааразылык акциясын башташкан. Кечке жуук алардын Горький аянтына тиккен боз үйүн Биринчи май РИИБнүн кызматкерлери чечип кетишкен. Милиция муну коомдук жайда от жагып, боз үй тигүүгө болбойт, деп түшүндүрдү. УТРКнын таңкы берүүлөрүнүн продюсери Алтынбек Жумаев милиция кызматкерлеринин бул аракети туура эмес деген пикирин “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда пикет тууралуу Бишкек шаардык жана Биринчи Май райондук бийлигине алдын ала маалымдамалар берилген. Нааразылык акциясына чыккандар менен кечинде Акыйкатчы Турсунбек Акун келип жолугушту. Нааразылык билдирип жаткандар өздөрүнүн талабы боюнча президент Курманбек Бакиев менен жолугууга аракеттенип жатышкандыгы мурдараак маалымдалган.

УТРКнын башкы жетекчиси Мелис Эшимканов болсо кызматкерлердин нааразылыгы реформа жүргүзүү максатында ишке ашырылып жаткан кыскартуунун негизинде чыгып жаткандыгын “Азаттыкка” билдирген.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG