Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Бүгүн “Жаңы Кыргызстан” партиясы менен Элдик Революциялык кыймылдын жетекчилиги жолугушат


“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын жооптуу катчысы Исмаил Исаковдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча жолугушууда өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаал талкууга алынып, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кызматташуу тууралуу сөз болот. Аталган партия жетекчилиги кечээ оппозициялык “Акыйкат үчүн” кыймылынын саясий кеңеши менен жолугушуп, биригүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Элдик революциялык кыймыл президент Курманбек Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кетирүүнү көздөйт, кыймылдын башында Азимбек Бекназаров турат. Кечээ биригип жаткан оппозиция бийлик үчүн эмес, Кыргызстанда он сегиз жылдан бери орноп келе жаткан үй-бүлөлүк башкаруу системасына каршы күрөшүүнү максат кылып жатышкандыгын билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG