Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:53

Итэк-эйр учагы авариялык шартта конду


Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормоновдун билдирүүсүнө караганда, 22-ноябрда Ош аба майданына Итэк-эйр компаниясынын учагы авариялык шартта конгон. Ага учактын башкаруу системасынын жакшы иштебей калышы себеп болгон. Учактагы жүргүнчүлөр авариялык шартта жерге түшүрүлгөндөн кийин учак жаңы каттамдарды аткаруу үчүн кайра учуп кеткен. Бул жоопкерсиздик деп атаган Ормонов, жай айларында Итэк-эйр компаниясынын учагы кырсыкка учурап, көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келгенин эскертти.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG