Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Кыргызстандын ДСУга киргенине 10 жыл болот


Кыргызстан мурдагы советтик республикалардын ичинен алгачкылардан болуп, 1998-жылы 20-декабрда Дүйнөлүк соода уюмуна кирген. Бул датага байланыштуу ЮСАИДдин көмөгү менен Экономика жана соода министрлигинде регионалдык конференция болуп, анда Кыргызстандын ДСУга кирүүсүнүн оң жана терс жактары талкууга алынды. Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүсү боюнча тармактар аралык комиссияны жетектеген Эсенгул Өмүралиевдин билдирүүсүнө караганда, ДСУга кирүү менен Кыргызстан советтик системадан капиталисттик системага өтүүдө жеңилдиктерге ээ болгон. Терс жагы болсо ички өндүрүшчүлөр корголбой калган. Азыркы мезгилде да Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүктүн ыңгайлуу жактарын толук пайдалана албай келатат. (AiT)

XS
SM
MD
LG