Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:17

Назарбек Кубатовду эскерүү мелдеши өттү


Баскетбол боюнча Кыргызстандан чыккан эл аралык категориядагы алгачкы судья Назарбек Кубатовдун 50 жылдыгына арналган мелдеш бүгүн Кожомкул атындагы спорт сарайында өттү. Мелдештин уюштуруучулары Кыргызстанда баскетболду өнүктүрүү боюнча Кубатовдун ролун жогору баалашты. Назарбек Кубатов быйылкы жылы август айында кырсыкка учураган Бишкек-Тегеран каттамындагы учакта болгон. Ал Иранда өтө турган өспүрүмдөрдүн мелдешине бараткан эле. Кырсыкта каза тапкандардын арасында Кубатов да болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG