Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:25

Европа комиссиясы экс-советтик алты республикага кызматташтык планын сунуш кылды. Анда Еврошаркеттин ири өлчөмдө каржылык жардам көргөзүүсү, кошумча каражат ажыратуусу каралган. Бирок пландын затына караганда аты эле улук эмеспи?

"Чыгыштагы өнөктөштүк” планы Еврошаркеттин Украина, Грузия, Армения, Азербайжан жана Молдавия менен кызматташтыгын кеңейтүүнү көздөйт. Эгер “Европанын акыркы диктатору” аталып жүргөн Александр Лукашенко демократиялык реформаларды баштап калса, анда долбоорго Белорус да кошулушу мүмкүн.

Айрым байкоочулар соңку сунушту Еврошаркеттин Балтика жана Чыгыш Европа өлкөлөрү шаркетке мүчө болгондон берки мурдагы советтик республикаларды көздөй эң амбициялуу секириги катары баалашууда. Алты өлкө үчүн Еврошаркет кошумча 350 миллион евро ажыратуусу мерчемделген. Бул "Чыгыштагы өнөктөштүк" долбоорунун алкагында мурда 2020-жылга чейин убада кылынган 1,2 миллиард еврого кошумча болот.

Европа реформасы боюнча борбордун орун басар директору Катинка Барыштын пикиринде, Еврошаркеттин азыркы сунушу ал мурдагы советтик өлкөлөр менен жакындашуу убадасын орундап жатканын көргөзүүдө:

- Бул долбоорго тартылган кээ бир кичинекей өлкөлөр үчүн өтө чоң сумма жана Еврокомиссия мурда убада кылгандан кыйла көбөйтүлдү. Бул Еврошаркет мааниге олуттуу көңүл бурарын көргөзүүдө.

Еврошаркеттин долбоору тараптардын ортосунда эркин соода боюнча келишимдердин түзүлүшүн, энергия жаатында тыгыз кызматташтыкты, виза алуу тартибин жеңилдетүүнү, демократия жана эркин базар реформасын жүргүзгөндөр үчүн каржылык жардам көргөзүүнү карайт. Ириде программага кириш үчүн демократиялык реформаны Беларус жүргүзүүсү абзел.

Еврошаркеттин лидерлери комиссиянын сунуштарын келерки аптада Брюсселдеги саммитте талкуулаган жатат. Андан пайда табуучу алты өлкө пландын аткарылышы боюнча камтамачылыктар бар экенине карабай, аны кубаттоо менен кабыл алышты. Мурда Азербайжанда президенттин тышкы саясат боюнча кеңешчиси болгон Вефа Гулузаде мындай дейт:

- Акчаны ким коротору өтө маанилүү. Эгер акча аталган өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө берилсе, ал кандайча сарпталарын ким билет. Бул өлкөлөрдүн баарында коррупция деңгээли жогору. Менимче, акча ага муктаж элге жетсе же зарыл долбоорлорго жумшалса кандайдыр бир мааниге ээ болот.

Өнөктөштүк планында ага тартылган өлкөлөрдү Еврошаркетке мүчө кылып алуу тууралуу азырынча сөз жок. Мүчөлүк боюнча ачык-айкын убаданын берилбеши ага үмүт кылган Украина жана Молдова сындуу өлкөлөрдө көптөрдүн көңүлүн кайт кылышы да мүмкүн. Анткен менен кээ бир расмий өкүлдөр муну Украинанын Еврошаркетке кошулуусун көздөй кадам катары баалашат. Украинанын Еврошаркеттеги элчиси Андрий Веселовски "Азаттыктын" украин кызматына буларды айтты:

- Бул Украинанын Еврошаркетке мүчөлүгүн көздөй кадам экени айныксыз. Эмне үчүн кыйын-кычыктуу башка жол менен кетүү керек?

"Чыгыштагы өнөктөштүк" планы быйыл жыл башында эле башталган, бирок Орусия менен Грузиянын августагы кыска согушунан соң жаңы мааниге ээ болгонсуду. Бул план Еврошаркеттин энергия алуучу булактарынын коопсуздугун кепилдөө аракетине да шайкеш келет. Долбоорго тартылуучу өлкөлөрдүн баары мунай же газга бай, болбосо энергияны транзиттөөдөгү чечүүчү аймактар катары эептелинет.

Планды жарыялап жатып, Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Барросо Орусия-Грузия согушунан кийин алар чукул аракеттенүүнүн зарылдыгын сезгенин моюнга алды. Бирок Еврошаркет Орусиянын аймактагы таасирине шек келтирүүнү көздөбөгөнүн баса белгиледи. "Бул жерде эч кандай Кансыз согуш",- деп айтты Барросо.

Еврошаркеттин планы Москвада айрымдардын кыжырын кайнатары шексиз. Бирок Европа реформасы боюнча борбордун орун басар директору Катинка Барыштын көз карашында, Кремл бул демилге тыкыр көз салары арсар:

- Менимче, өтө эле бюрократиялык жараянды талап кылган нерсеге Орусия ашыкча кападар болбойт. Орустар Еврошаркеттин Чыгышка карай кеңейүүсүнө олуттуу маани берет, себеби бул Еврропанын ичинде жаңы чек араларды жарата алат деп эсептешет. Бирок мен алар Европанын коңшулук саясатына өтө олуттуу маани беришет деп ойлобойм.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG