Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:12

Чоң министрликтин окумуштууларды сотко бериши тарыхта болгон эмес


Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын сейсмологиялык институтунун директору Канат Абдырахматов “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка караганда, өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев сейсмологиялык институттун директору Канат Абдырахматовду ММК берген маектеринде аталган министрликтин кызматтык беделине шек келтирген деп Бишкек райондор аралык сотуна доо арыз жолдоп, андан 5 млн. сом өндүрүп берүү талабы коюлган. К.Абдырахматовдун айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министринин дооматында негиз жок, экинчиден жылыга сейсмологиялык институтка бүджеттен болгону 5 млн. сом каралат. “Мындай соттук териштирүүгө биринчи жолу кездешчүүдөйбүз”-дейт Абдырахматов. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG