Улуттар Уюмунун жаштар программасы азыр мындай долбоорду иштеп чыгууга киришти. Аталган программанын координатору Айнура Жапарованын “Азаттыкка” билдиришинче, учурда коңшу мамлекеттер менен кеңешүү жүрүүдө. Достук кербендин алкагында Борбор Азиянын жаш лидерлери жайында аталган жумурияттагы мамлекеттерди автобус менен кыдырып, ал жактагы жаштар менен пикир алышып достук мамилени чыңамакчы. (EBM)