Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:56

А.Жээнбеков: Келерки жылы эмгек мигранттарынан 500 млн. доллар келбейт


Бул тууралуу парламенттеги СДП фракциясынан депутат Асылбек Жээнбеков парламент отурумунда билдирди. Анын айтымында, дүйнөлүк кризистин таасиринен Кыргызстанга келерки жылы чет элде жүрүшкөн эмгек мигранттарынан 500 миллион АКШ доллары келбейт. Ал ошондой эле каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө агенттигинин жетекчиси Юруслан Тойчубековдун “дүйнөлүк каржылык кризис Кыргызстанга тийбейт” деген пикирине кошулбастыгын, анын кесепеттери өлкөдөгү ишканаларга тийип жатканын кошумчалады. Кыргызстанда жеке ишканалар, акционердик коомдордун баалуу кагаздарды чыгаруу боюнча атуулдук кодеске жана “Акционердик коомдорду”, “Чарбалык биргелик жана коомдор” жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киригизилип парламентте кабыл алынды. (AJ)

XS
SM
MD
LG