Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:41

Кыргызстанда ири ишкерлер үчүн менчикти коргоо маселеси дале да болсо оор бойдон кала берүүдө. Адистер, бийлик бул жаатта мыйзамдар иштеп атканын айтканы менен иш жүзүндө баары башкача дешет.

Кыргызстанда ири ишкерлер үчүн менчикти коргоо маселеси дале да болсо оор бойдон кала берүүдө. Мындай пикирлерин айтышкан бир катар саясатчылар, бийлик бул жаатта алгылыктуу иштеп атканын айтып атканы менен иш жүзүндө баары башкача дешет. Президент Курманбек Бакиев да жакында эле өкмөттүк жыйында бул маселени козгоп, ар бир менчик жакшылап корголушу керектигин айткан.

Соңку кездери ишкерлер жана инвесторлор үчүн менчигинен кол жууп калуу коркунучу көбөйгөнү айтылууда. Бул маселени Жогорку Кеңештин депутаты Осмон Артыкбаев да айтып чыгып, уюшкан топтор мамлекеттик тиешелүү органдар менен биригип алып кирешелүү ишканаларды тартып алып жатышканын билдирди:

- Рейдерлик деген бирөөнүн менчигин, бизнесин тартып алуу маселеси күчөп баратат. Бул ар кандай жолдор менен, бийликтин, соттордун колдоосу менен, юридикалык жактан тууралай коюшуп, түрдүү жолдор менен жүрөт. Соттор үчүн бул бизнес болуп калды. “Кыргыз өнөр-жай курулуш банкы” деле буга бир мисал. Андан башка деле мисалдар көп. Мына жакында эле корейлер Комволдук нооту комбинатын сатып алып, ага көп акча коротушуп оңдошкон. Эми аны соттун чечими менен мурдагы чечимдерди буздуруп, кайра тартып алышты. Алардын кызыкчылыгын ким коргойт?

Жогорку Кеңештин Өнөр-жай, соода, туризм, орто жана чакан бизнес, транспорт, коммуникация, курулуш жана архитектура комитетинин төрагасы, “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Улугбек Ормоновдун айтымында, алардын комитетинде бирөөнүн менчигин тартып алуу тууралуу фактылар жок:

- Бизде рейдерлик боюнча конкреттүү фактылар, маалымат жок. Эми мунун мыйзам боюнча карап, көңүл буруш керек. Менчик ишканалар арасында ар кандай талаштар болушу мүмкүн, бирок рейдерлик эмес.

Белгилүү экономист Айылчы Сарыбаевдин айтымында, экономикада “рейдерлик” деген аталыш менен белгилүү болгон бирөөнүн мүлкүн тартып алуу өнөкөтү Кыргызстанда кадырэсе көрүнүшкө айланды. Анын пикиринде, мындай иштер менен алектенген топтор бирөөнүн менчигин тартып алуу иш-чараларын ар кандай жолдор менен мыйзамга тууралашканы менен анын кадимки каракчылыктан айырмасы жок:

- Рейдерликтин классикалык мисалы катары Ысык-Көл инвест банкын Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин башчысы Садыр Жапаров өзү баш болуп тартып алганын айтсак болот. Андан кийинки мисал катары “Кыргызпромстройбанкты” М.Мукашевден тартып алышып, аны Азия Универсал Банкына кошуп алып кетишти да. Менимче азыркы тапта бийлик менчиктин корголушу керектигин айтып, рейдерлик боюнча көтөрүлүп аткан маселе, аны кийинки келген бийлик кайра тартып албасын деген эле аракеттер.

Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин комиссары Садыр Жапаров “Азаттыкка” жооп берип жатып, азыркы тапта менчик талашуу сыяктуу маселелер боюнча агенттикке 400 чакты арыз түшкөнүн айтты. Мурдагы жылдары аталган агенттикке түшкөн бул жааттагы арыздар жүзгө жеткен эмес. Ал эми “рейдерлик” же бирөөнүн бизнесин тартып алуу тууралуу азырынча арыздар түшпөгөнүн айткан комиссар, анын Ысык-Көл инвест банкынын айланасындагы чырга тиешеси жоктугун баса белгиледи:

- Ысык-Көл инвест банкына менин эч кандай тиешем жок. Бул банктагы акцияларымды мен эбак сатып жибергем. Бул банкты Байкожоев 10 жылдан бери башкарып келген. Бирок бир дагы акционерге түшкөн пайдаларды төлөбөй, аны өзү менчиктеп алган. Анан акционерлер чогулуп туруп Байкожоевди кызматтан бошотуп салышкан. Эми аны жөн эле мага чапташтырып, тартып алды деп жатышат.

Эскерте кетсек президент Курманбек Бакев да жакында эле өткөн өкмөттүк жыйында бул тууралуу сөз козгоп, ар кимдин менчиги жакшылап корголушу керектигин, ал эми Кыргызстанда ишкерлер өз менчигин коргоого көбүрөөк көңүл бурушкандыктан, мындай жагдай бизнестин өсүшүнө кедергисин тийгизип жаткандыгын айткан.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG