Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

А.Мамасалиев: Дүйнөлүк банктын баамында мамкызматтын 40% керексиз жүк


Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынан депутат Алишер Мамасалиев Дүйнөлүк банктын эсебинде өлкөдөгү мамлекеттик кызматтын 15 пайыздан 40 пайызга чейинкиси керексиз жүк экен, деп билдирди. “Президент К. Бакиев дагы бөлүмдөрдө 5-7 адам иштейт, чындыгында алардын ишин эки эле адам аткарат”,- деп айтканын эске салган Мамасалиев, мамлекеттик кызматтарда кыскартуу саясаты кандай жүрүп жатканы боюнча А. Рыскуловго суроо узатты. Мамлекеттик кызматтык иштер боюнча агенттиктин директору Анвар Рыскулов кызматтык кыскартуу алардын укугу эместигин, бирок агенттикке үстүбүздөгү жылдын 9 айында “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамдын бузулушу боюнча 20 даттануу түшүп, алардын пайдасына чечим чыгарылганын билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG