Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:44

Президентке импичмент жарыялоо боюнча кол топтоо уланууда


Мындай кол топтоону жүргүзүп жаткан Коорупцияга каршы кыймылдын лидери Назарбек Нышановдун "Азаттыкка" билдиришинче, учурда бул максатта 110 миңден ашуун кол топтолду. Анын айтымында, азыр 300 миң колду топтоо боюнча бүт аракеттер көрүлүүдө. "1-декабрда баштамакчы болгон нааразылык акциясын токтотконубуздун себеби, эгерде чындап эле бийликти алмаштыра турган Элдик көтөрүлүш башталса биз кошулабыз деп күтүп жатабыз", - дейт Нышанов. Ал ошондой эле кандай жол менен болгон күндө дагы президентти импичментсиз кетирбейбиз деген көз караштарынан кайтпай тургандыктарын кошумчалады. Нышанов жетектеген кыймыл президентке импичмент жарыялоо боюнча кол топтоо акциясын Бишкекте 10-августтан бери жүргүзүүдө. (AJ)

XS
SM
MD
LG