Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:14

«Жаны Кыргызстандын» Баткен облустук уюму «Ак жол» партиясына кошулуу ниетинде


«Жаны Кыргызстан» партиясынын Баткен облустук уюму бүгүн президент башкарган «Ак жол» партиясына кошулууну ниет кылган кайрылуу кабыл алышты. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жана саясий кенешке жолдонгон кайрылууда мындай чечимге партиянын баш катчысы Исамил Исаков регионалдык уюмдардын көз карашы, пикири менен эсептешпестен туруп, жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылууларды жасап жатканы себеп болгону айтылат. “Генералдын буйругун талкуулабай туруп аткара бергендей биз жоокер эмеспиз, аймактагы мүчөлөрүбүз өлкөдө азыркыдый энергетикалык кыйын абал чечилбей жатканда президентибиздин саясатын колдоону бир добуштан чечтик, Исмаил Исаков өзү билгендей саясатын жүргүзө берсе биз, президент башкарган “Ак жол” партиясына өтүүгө даярбыз”, - деп белгиленет бул кайрылууда.(JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG