Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:21

Иракта президенттик кеңеш АКШ менен түзүлгөн коопсуздук келишимин бекитти. Вашингтон муну менен эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин бекем негизи түзүлгөнүн билдирди.

Документти өткөн айдын башталышында Ирак өкмөтү жактырып, андан соң парламенттин кароосуна киргизген. Бир топ талаш-тартыштардан кийин депутаттардын басымдуу көпчүлүгү ноябрдын этегинде аны колдоп добуш беришти.

Документ бейшемби күнү президенттик кеңеште биротоло бекитилди. Ага Ирактын президенти Жалал Талабани, анын эки орунбасары – Тарик ал-Хашеми жана Адел Абдул-Махди кол коюшту. Келишим 1-январдан тартып күчүнө кирет.

Келишимдин негизги шарттарына ылайык, АКШ аскерлери Иракта дагы үч жылга калат. Эмдиги жылдын жайында алар бардык шаарлардан чыгарылат, ал эми 2011-жылдын этегине барып Ирактан биротоло кетүүгө тийиш. Келишимде америкалык контингенттин статусуна байланыштуу да пункттар бар.

Ак үйдүн өкүлү Дано Перино келишим Иракта бардык мыйзам процедураларынан өтүп, биротоло бекитилгенин “көрүнүктүү ийгилик” деп атады. Анын айтымында, бу документ Ирактын суверенитетин тастыктады, мындан ары Вашингтон менен Багдаддын мамилелерине бекем негиз болуп бермекчи.


Парламенттеги талкуулардын жүрүшүндө депутаттык таасирдүү фракциялар документти элдик референдумга чыгарууну талап кылып,өкмөт буга макул болгон. Референдум эмдиги жылдын 30-июлунан кечиктирилбей өткөрүлүшү керек.

“Эгер маселени элдик референдумга чыгаргысы келсе, бул Ирактын өз эрки, анткени ал суверендүү өлкө”, - деп билдирди Перино. Бирок кандай болгон күндө да өлкөнүн жетекчилери келишимге кол коюп, АКШнын жардамына муктаж экендигин ырасташты. Америкалыктар болсо, Перино ырастагандай, өлкөдөн толук чыгып кеткиче буга чейин жетишилген ийгиликтерди бекемдөө үчүн бардык аракеттерди жасай берет.

Бейшемби күнү президент Буш ирак жетекчилерине телефон чалып,аларга келишимге демилгечи болгону жана анын кабыл алынышына чоң салым кошкону үчүн ыраазылык билдирди.

Ал эми Ак үйдүн келерки кожоюну Барак Обама аптанын башында Чикагодогу маалымат жыйынында алдыдагы он алты ичинде Ирактан аскерлерди чыгара тургандыгын бышыктаган эле. Шаршемби күнү ал убадасын аткарарына ирак премьерин да ишендирди.

XS
SM
MD
LG