Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

Орус православ чиркөөсүнүн башчысы, Патриарх Алексий Экинчи дүйнө салды


Чиркөөнүн билдирүүсүндө Алексий бүгүн эртең менен Москванын четиндеги резиденциясында 79 жаш курагында көз жумганы айтылат. Патриарх көп жылдардан бери жүрөк оорусунан жабыркап жүргөн. Ал дүйнөдөгү эң ири православ чиркөөсүн 1990-жылдан бери жетектеп келген. СССРдин мурдагы лидери Михаил Горбачев биринчилерден болуп көңүл айтты. Патриарх туулуп өскөн Эстониянын бийликтери да көңүл айтуу телеграммасын жиберишти.

XS
SM
MD
LG