Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:42

Комментарий: НАТО жаңы мүчө кабыл алуу 5-6 жылга токтойт


"Азаттыктын" серепчиси Лиз Фуллер
"Азаттыктын" серепчиси Лиз Фуллер

НАТОнун тышкы иштер министлери 2-декабрда Грузия менен Украинага мүчөлүк маракет планын сунуш эткен жок. "Азаттыктын" серепчиси Лиз Фуллердин пикиринде, бул эч кимди деле таң калтырган жок.

"Грузия менен Украина экөө тең саясий реформалар жана аскердик даярдык жаатында НАТОнун стандарттарына жете элек, муну НАТОнун баш катчысы да, АКШнын мамкатчысы да айтып жатышат" деп жазды Фуллер. Ал ошондой эле августтагы Түштүк Осетиянын айынан чыккан орус-грузин согушу НАТОнун жоболоруна Грузиянын канчалык берилгендигинен күмөн туудургандыгын белгилейт.

НАТОнун тышкы иштер министрлери сентябр айындагы жыйынында Грузиянын аймактык биримдигине колдоо билдирип, орус армиясы ашкере күч колдонгондугун айыпташкан. Ошол эле мезгилде алар Грузияны сынга алып, "бардык тараптарга жаңжалды тынчтык жол менен жөнгө салуу Тынчтык үчүн шериктештик келишиминин башкы жоболорунун бири экендигин эскертебиз" деп баса белгилешкен. Фуллердин ишениминде бардык дипломатиялык билдирүүлөр сыяктуу эле, бул коммюнике да өтө кылдаттык менен жазылган. Бирок анда Грузиянын жетекчилигине катуу сын айтылды:

- Бул сүйлөм менен НАТО Грузиянын жетекчилигине "грузин армиясы Түштүк Осетиянын баш калаасына каршы эл уктап жатканда оор артиллерияны колдонбошу керек болчу, мындан бир нече саат мурда эле президент Михаил Саакашвили бир тараптуу элдешүү жарыялаган, ушуларды эске алганда НАТО "Тсхинвалини бомбалоо биздин түпнегиз эрежелерибизди бузду, мындай кылбашыңар керек болчу" деп жатат.

Серепчинин көз карашында, Грузиянын куралдуу күчтөрү согушка караманча даяр эмес экендиги да өлкөнүн НАТОго кирүү нийетине катуу сокку урду. Америкалык офицерлер машыктырган Грузиянын эки аскер тобу августтагы согуштун мезгилинде Иракта болчу. Эл аралык кризис тобунун жаңы отчетуна ылайык, орус баскынчылыгынын мезгилинде грузин куралдуу күчтөрү оор жоготууга учурады, жаңжал мезгилинде грузин армиясынын пландоодогу, камсыздоо, координациялоо, абадан коргонуудагы чоң мүчүлүштүктөрү айгине болду, бул өз кезегинде аскерлердин арасындагы моралдык маанайды тез эле чөктүрүп жиберди, алар мисалы стратегиялык маанидеги Сенаки базасын бир да ок атпастан таштап кетишти.

Мындан тышкары ондогон катардагы офицер, бир нече улук офицер кызмат ордун таштап кеткен; НАТОнун талаптарына ылайык Түркия кайра курууга жардамдашкан Грузиянын түштүгүндөгү Марнеули аскердик аба майданы жана башка согуштук инфраструктура катуу талкаланды; Грузиянын 240 согуш танкынын ар бир төртүнчүсү жок кылынды. Коргонуу министри Давит Кезерашвилинин болжолунда, өлкө 250 миллион доллар запкы тартты.

Брюселдеги соңку жыйында Мүчөлүк аракет планы Грузия менен Украинага качан сунуш этилээри белгисиз бойдон калды. Анын ордуна экөөнөн жылдык реформа планын аткаруу талап этилмекчи. Бул пландын мазмуну НАТО-грузин жана НАТО-украин комиссияларында аныкталат. Бул иш-чаралар НАТОго Грузиянын саясий кемчиликтерин кандай жоюп жаткандыгын жакындан көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет" деп белгилейт Фуллер.

Анын ишениминде, бул чечим НАТОнун кеңейишине чекит коюлду дегенди билдирбейт. Тескерисинче, Хорватия менен Албания келерки жылы апрелде НАТонун самити мезгилинде мүчөлүккө кабыл алынаары дээрлик чечилген маселе. Македонияны кабыл алуу да оңунан чечилгени турат.

Бирок Грузия менен Украина азырынча кирбей калганы менен катар, алардан башка талапкер деле жок экендигин белгилеген Фуллер келерки 5-6 жылдын ичинде дагы башка жаңы мүчө кабыл алынбайт деп божомолдоду. Ал эми Азербайжанчы? Бир кездерде Азербайжанды кабыл алуу тууралуу айтылып жүрбөдү беле? Фуллердин сөзү боюнча:

- Азербайжан мындай мүчөлүккө таптакыр кызыккан жок. Ал эми кийинки кездери ал Батышка далысын салып, Москвага ыктап алды. Менимче келерки 10-15 жылдын ичинде Азербайжан НАТОго кошулбайт.

Комментарийде айтылган пикирлер Фуллердики жана сөзсүз эле "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG