Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:38

“Жашылдар” партиясы Кытайдан келген унду иликтеди


“Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Булекбаевдин билдирүүсү боюнча, партия өз алдынча журналисттик иликтөө жүргүзүп, кыргыз өкмөтүндө улуттук коопсуздук боюнча бирдиктүү багыт жок деген жыйынтыкка келген. Ага Айыл, суу чарба министрлиги Кытайдан келген 804 тонна унда меламин, цианур кислотасы жана ар түрдүү куттар бар деген жыйынтыкка келген менен Казакстан, Болгария, Орусиядагы текшерүүлөрдүн жыйынтыгы ун таза деп берилгендиги, Кытайдан килограммы 2 сом 30 тыйындан алынып келген ун 23 сомдон сатылып, 300 тонна ундун эбак соодаланганы негиз берген. Шектүү ун эмне үчүн спирт чыгарууга жиберилбей элге сатылып, эмне үчүн өкмөт өз элин курутууга барып жатат деп суроо салган партия жоопту президенттин жакындарынан алууну сунуш кылган. Ал эми биринчи вице-премьер министр Искендербек Айдаралиев унда эч кандай зыяндуу зат жок деп билдирип, анын тагдырын атайын комиссия чечээрин билдирген.(BD)

XS
SM
MD
LG