Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:47

Кытай сүт менен жумуртка алууга салынган тыюуну жоюуну өтүнүүдө


Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Лю Чуаньу журналисттерге билдирди. Анын айтымында, сүт азыктарынан меламин табылаары менен Кытай катуу чараларды көрүп, ушул жылдын 10-сентябрынан тарта экспертиза жана сапатты көзөмөлдөө боюнча Башкы башкармалыгы сүт азыктары кошулган бардык азык-түлүктөрдү текшерип жатат. Ошондуктан Кытай бул азык-түлүктөрдү сатып алууга Кыргызстан түшүнүү менен мамиле жасоосу зарыл деп эсептеп, меламин бар жогун иликтөө ыкмасы тууралуу толук маалымат берүүсүн өтүнгөн. Кыргызстан Кытайдан сүт азыктары кошулган тамак-аш менен жумуртка сатып алууга тыюуну өткөн айда салган. (BD)

XS
SM
MD
LG