Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:17

Өтүп бараткан жумада “Жаңы Кыргызстан” партиясы оппозиция менен биригүүгө кадам таштады. Бийлик Коомдук ордо кеңешти түзүүгө киришти. Маалымат айдыңында таңсыктык күчөдү.

Коомдук ордо кеңеш ордолуу болобу?

Өтүп бараткан жума башында президент Коомдук ордо кеңешин түзүү жөнүндө жардыкка кол койду. 45 кишиден турган Ордо кеңеш мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда коомчулуктун ар кыл катмарынын пикирин угууну көздөйт. Бул жаңы уюм 20-январга карай түзүлүп бүтүүгө тийиш.

Мындай Коомдук кеңеш Россияда бир нече жылдан бери иштеп келатат. Россияда ал уюм социалдык, адам укуктарына байланыштуу жаңжалдарда жарандардын таламын талашууга аракеттенгени байкалганы бар.

Президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Досалы Эсеналиев Коомдук ордо кеңешти түзүү демилгесин мамлекет башчысы 17-октябрда калкка кайрылуусунда айтканын белгилеп, жаңы уюмду түзүүнүн максаты жана ага кимдер кириш мүмкүндүгү тууралуу “Азаттыкка” буларды билдирген:

-Бул Ордо кеңешке саясий партиялардан, коммерциялык эмес уюмдардан, ишкер чөйрөлөрдөн, Кыргызстан калкы Ассамблеясынан, кесиптик кошуундардан, чыгармачыл бирикмелерден, жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү кирет. Анын негизги максаты - мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын багыттарын иштеп чыгууда жана ишке ашырууда сунуштарды берүү.

Бирок бюджеттен каржылана турган кезектеги уюмду түзүүгө Кыргызстанда зарылчылык бар беле? Ал уюм кимдин кызыкчылыгында кызмат кылат деген суроолор коомчулукта жок эмес.

Анын үстүнө өлкөдөгү бир катар белгилүү укук коргоочулар жаңы уюмга кирүүдөн баш тартууда. Маселен, “Атуулдук коом коррупцияга каршы” уюму бийликтин бул демилгесин сындап чыкты.

“Кылым шамы” уюмунун лидери Азиза Абдырасулова

кыргыз бийлиги Коомдук палатаны Россиядан көчүрүп таңуулап жатат деген пикирин билдирди:

-Кыргызстанда пайда болгон көп демилгелердей эле бул Коомдук палатаны да президент бизге Россиядан көчүрүп келип, бизге таңуулап жатат. Бул бийлик жүргүзүп жаткан саясатка өтө ыңгайлуу. Себеби бул калган жарандардын үнүн укпай коюштун эң жакшы жолу, эң жакшы амалы. Алар айтышат, Коомдук палатаны түзүп койдук, алар силердин атыңардан сүйлөйт деп айтышат - деген Азиза Абдырасулова ал жетектеген адам укугун коргоочу уюм Коомдук палатага өз талапкерлерин көрсөтпөсүн кошумчалады.

Оппозициялык күчтөр да Коомдук ордо кеңешти түзүү аракетин сынга алышты. "Жаңы Кыргызстан” партиясынын илдери Исмаил Исаков муну “авторитаризмден тоталитаризмге карай жол” деп атаса, “Акыйкат үчүн” кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкулов мындай дейт:

- Коомдук палата мурунку президент учурунда эки ирет түзүлгөн. Азыркы бийлик түзгөн Коомдук палатадан да эч нерсе чыкпайт. Анткени ал жерге бийликке каршы пикирин айта алган, бийликке оппонент боло ала турган күчтөр кирбейт. Ошондуктан Коомдук палатадан эч нерсе чыкпайт, - деген Жекшенкулов оппозиция бийлик түзгөн уюмга барбай турганын белгиледи.

Оппозиция менен “Жаңы Кыргызстан” биригүүгө кадам таштады

Бийлик мына ушунтип Коомдук ордо кеңешти түзүүгө киришип жаткан чакта, оппозиция станында олуттуу жылыштар боло баштады. Бул жылыштар президенттин кеңешчиси Үсөн Сыдыковдун кызматтан кетүүсү менен активдешти. Белгилүү болгондой, Сыдыков түптөгөн “Жаңы Кыргызстан” партиясы бийликти сындаган билдирүүлөрдү буга чейин жарыяласа да оппозиция менен мамиле түзүүгө бара элек болуучу.

Үсөн Сыдыков 2-декабрда кызматтан кетип, 3-декабрда “Жаңы Кыргызстандын” баш катчысы Исмаил Исаков “Акыйкат үчүн” кыймылга кирген партиялардын лидерлери Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Иса Өмүркулов, Аликбек Жекшенкулов, Эмил Каптагаев менен жолугушуп, кызматташуу боюнча сүйлөшүү өткөрдү. Ушундай эле максаттагы жолугушууну 4-декабрда Исмаил Исаков Элдик революциялык кыймылдын лидери Азимбек Бекназаров баш болгон лидерлери менен өткөрдү.

“Акыйкат үчүн” кыймыл лидерлери менен “Жаңы Кыргызстандын” лидеринин экинчи жолугушуусу бүгүн өттү. Анда кандай маселе талкууланганы тууралуу Исмаил Исаков буларды билдирди:

-Бүгүн жолугушуу болду. Ал абдан конструктивдүү өттү. Жолугушууда биз келечекте бир кыймылды түзүп, ошол кыймылдын негизинде иш алып барууга баарыбыз макул болдук. Биз мурда эле айтып жүрдүк эле бир кыймыл түзөйлү, анын принциптерине макул болгон партиялар, өкмөттүк эмес уюмдар, атуулдар кирсе болот деп. Мына ошол ишке ашып жатканына биз кубанычтабыз. Ошол принциптерди тактап алдык, - деген Исмаил Исаков биригүүнүн негизги багыты азыркы саясий системаны өзгөртүүдө болуп жатканын кошумчалады.

“Жаңы Кыргызстан” партиясынын лидери Исмаил Исаков ачык оппозицияга бара-бара өтүп бараткан менен анын партиялаштарынын ал боюнча пикирлери бир кыл эмес. Маселен, партиянын баш катчысынын орун басары Марат Кайыпов “Жаңы Кыргызстан” оппозициялык багытта эмес экенин билдирсе, партиянын Баткен облусунун өкүлдөрү баш катчынын билдирүүлөрү менен макул эместигин, ошондуктан “Ак жол” партиясына өтүү мүмкүндүгү каралып жатканын билдирди.

Бул позиция “Жаңы Кыргызстан” партиясынын мурунку баш катчысы Досбол Нур уулунун позициясына жакындай таасир калтырат. Анткени Досбол Нур уулу азыркы кезде Мамлекеттик катчы кызматында турат жана Президенттин саясатын толук колдоп келатат. Досбол Нур уулунун партиянын Баткен облустук бөлүмүнө таасири олуттуу экени белгилүү. Анын үстүнө ал өзү ошол облустан чыккан саясатчы.

Исмаил Исаков болсо билдирүүлөрү саясий кеңештин чечимине жараша жасалып жатканын, партия олку-солкулардан тазаланып, аз болсо да таза күчтөрдөн туруусу максатка ылайыктуу экенин жооп иретинде билдирди.

Оппозициялык күчтөрдүн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктарына жана алардын позицияларына караганда, азыркы мезгилде Элдик революциялык кыймыл менен “Ак шумкар” партиясы жакын экени байкалууда. Муну кыймыл белгилеген 20-декабрдагы нааразылык акциясына “Ак шумкар” партиясы катышарын жарыялоосу тастыктап турат. “Жаңы Кыргызстан” партиясынын лидеринин да “Акыйкат үчүнгө” караганда, бул топко жакын экени да байкалып турат.

Маалымат таңсыктыгы...

Кыргызстанда маалымат таңсыктыгы, тагыраак айтканда расмий бийликтен башка көз караш, пикирлерди калкка жеткирүү жеңил эместиги айгине. “Азаттык”, Би-Би-Си өңдүү эл аралык радиолордун кыргыз радиосу аркылуу обого чыкпай калуусу абалды ого бетер оорлоштуруп салды.

Басылма тармагында абал да ойдогудай эмес. Айрым эркин гезиттер соттун күчү менен жабылды. Айрымдары ар кандай амалдар менен бийлик короосуна тартылды. Салыштырмалуу эркин болуп жаткан Интернет маалымат булактары болсо көпчүлүк калкка жетимдүү эмес.

Медиа өкүл Илим Карыпбеков Кыргызстанда маалыматтын жетишсиздиги мурдатан эле болуп келгенин белгилеп, мисал катары басылмалардын жер-жерлерге жетпегенин, ал эми өлкөнүн 95% камтыган жалгыз УТРКа жалаң расмий бийликтин көз карашын айтаарын атады. Акыркы кезде “Азаттык” менен Би-Би-Синин чыкпай калышы абалды

оорлотту дейт Карыпбеков:

- Акыркы учурда “Азаттык”, Би-Би-Си чыкпай калды. Албетте, бул маалыматтын толук жана ар кандай өңүттө таркалуусуна терс таасирин тийгизет. Себеп дегенде бул эки радио эл аралык стандартта иштеп, тең салмактуулукту сактаганы менен белгилүү радиолор болчу. Азыркы кезде алардын обого чыкпай калышы көп угармандарга өкүнүчтүү.

УТРКнын жетекчиси Мелис Эшимканов бул радиолордун обого чыкпай калуусун финансылык маселелерге байланыштуу экенин айтып келет. Өз кезегинде “Азаттыктын” жетекчилиги УТРКнын банк эсептериндеги так эместиктер которулган акчанын жетпей калуусуна алып келгенин билдирүүдө.

Би-Би-Сиге байланыштуу окуяны Мелис Эшимканов мындай мүнөздөдү:

- Булар бир жарым жыл илгери келишимге кол койгондо Кыргызстанга төрт “ретранслятор” коебуз деп милдеттенме алышкан экен. Анан ошонун экөөсүн түштүккө коюп, Талас менен Ысык-Көлгө койбой коюшкан. Убадаңарды аткаргыла деп жарым жыл сурандым. Анан ошол убадаңарды аткарганча убактылуу болсо да токтотом деп токтоттум. Бүгүн Лондондон жетекчиси телефон чалып, маселени чечтик. 9-декабрда Бишкекте жолукканда макулдук беребиз дедик. Ошон үчүн бул жерде эч кандай саясат жок. Буюрса 10-декабрдан кийин чыгып калышат.

“Азаттыктын” өкүлдөрү да бул маселе боюнча УТРКанын жетекчилиги менен сүйлөшүүгө келе турган болуп жатат. Анда маселе кай жагына чечилери азырынча белгисиз.

Оппозиция өлкөдө маалымат тынсыктыгын жоюу үчүн УТРКны Коомдук телеканалга айлантууга аракет жасап келген. Бирок акыркы мезгилде андай аракеттер токтоп, оппозиция күрөшүнүн негизги багытын бийлик системасын өзгөртүүгө буруп алды.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG