Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:52

Жалал-Абаттагы абактарга ЕККУ жардам берди


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Оштогу кеңесесинин өкүлү Өктөм Газиев бүгүн Жалал-Абат шаарында адам укугун коргоочулар, калаадагы ички иштер бөлүмүнүн жетекчилери менен жолугушту. Ал убактылуу кармоо жайдагылардын муктаждыктары үчүн бөлүмгө тамак бышыруучу жабдык жана 11 жылыткыч тапшырды. Электр тогу өчкөндө иши үзгүлтүккө учурап жаткан адам укугун коргоочу «Адилет» уюмуна жарык менен камсыздоочу генераторду белекке берди. Уюмдун төрайымы Валентина Гриценко жана башка укук коргоочулардын баасы боюнча Кыргызстанда адам укугу баардык тармакта бузулууда. Сөз жана басма сөз эркиндиги, адам, аялдар, балдар, керектөөчүлөр укугу мурдагыдан кыйла артка кетти. Адам укугу тууралуу өлкө кол койгон эл аралык жана өкмөттүк документтер, мыйзамдар кагаз жүзүндө калды. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG