Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:10

Интернеттеги маалымат каражаттарынын тагдыры талкууланат


Бишкек пресс клубу 10-декабрь күнү “Интернет басылмаларды ММКларга теңөөнүн зарылчылыгы барбы?” деген тамада тегерек үстөл жыйын өткөрмөкчү. Жыйында Жогорку Кеңештин айрым депутаттары демилге көтөрүп жаткандай, ММКлар тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү жолу менен интернеттеги маалымат каражаттарын да мыйзам жүзүндө көзөмөлдөө маселеси талкууланмакчы. Буга чейин да интернеттеги маалымат каражаттары тууралуу мыйзам кабыл алуу жөнүндө кызуу талкуулар болуп, ар түрдүү пикирлер айтылууда. Демилгечилердин айтымында, айрым интернеттик маалымат каражаттарында улуттар аралык жана диний жааттагы араздашууларга алып барчу жорумдар көп болуп жаткандыктан аны мыйзамдаштыруу зарыл. Ал эми бир катар адистер мындай кадам сөз эркиндигинин төмөндөшүнө алып келет дешет. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG