Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

Айкөлдөрдү аздектөө милдети жана илдети


Маркум Чыңгыз Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу маселесинде залкардын кадырын кемитпей, бийик рухун түшүрүп албагандай акылгөй чечим кабыл алуу жөнүндө сунуштар талкууланып жатат.

Кыргызстандын эл мугалими Бектур Исаков “Кутбилим” гезити аркылуу коомчулукка эки орчундуу сунуш менен кайрылды. Биринчиси Айтматовдун китебин ар бир үйдө жаңы төрөлгөн наристеге ыроолоп, анын бешигине жаздык алдына ырымдап коюп туруу салтын киргизүү жөнүндө болду. Экинчи сунуш - Айтматовдун китептерин эркек баланын энчисине, кыз баланын себине кошуп берүү салтын баштоо жөнүндө айтылды.

Сепке кошуп китеп берүү жөнүндө ой-тилектер жаңы деле эмес, буга чейин айтылып жүрөт. Бирок айтып коюу менен артынан сая түшүп турмушка ашыруу аракети боло элек.

Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Омор Султановдун айтымында, эл кастарлаган китепти сепке кошуп берүү башка элдин турмушунда болуп келаткан көрүнүш, мисалы грузин калкынын салтында бар.

1978-жылы Грузияда совет адабиятынын күндөрү болгондо Шота Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” китеби кыздардын себине кошуп берилип жатканын грузин жазуучусу Нодар Думбадзе айткан экен. Чыңгыз Айтматовдун өзүнүн да “Манас” китебин кыздарга сепке кошуп берүү жөнүндө жазуучулар арасында айтып жүргөн тилеги бар эле, дейт Омор Султанов:

-Чыкем бир жолу айтып калды, кыздарга сеп кылып ушул Манасты беришибиз керек экен, жакшынакай кылып жасалгалап чыгарып. Эми, албетте, Чыкемдин китептерин да ошентсек жакшы болор эле.

Дагы бир оригиналдуу идея менен Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкери Сабыр Иптаров да чыкты. Ал Айтматовдун туулган күнү 12-декабрды "Куттуу сөз күнү" деп жарыялап, кызыл күн катары белгилөөнү сунуш кылып расмий жетекчиликке кайрылган. Сабыр Иптаровдун жүйөөсүндө, кыргыз журту дүйнөгө аты небак дүңгүрөп, өзү аттын кашкасындай таанымал болуп, аброю асманга көтөрүлүп кеткен залкардын рухун көтөрөбүз деп жатып, кайра түшүрүп алуу коркунучунун алдында турат.

Мындай опурталдуу окуя кыргыз тарыхында болгон. Айталы, Манас баштаган айкөлдөрдүн аттары да бир кезде адамдардын көкүрөгүндө кыттай уюп жашаган, ынтаалуу айтылып, ыйбаалуу мамиле жасалган ыйык, бийик ысымдар болгон. Азыр алар Манас-1, Манас-2, Манас-3 ордендери, Бакай-Холдинг, Кошой-Ойл ж.б. болуп майдаланып кеткен.

Ошондуктан, бул кейиштүү көрүнүштү кайталабаш үчүн, арбактын атын ойгелди, оңду-солду ыйгара берүү адатын, маркумдун атын жамынган ар кандай мейли адабий-маданий, мейли чарбалык-өндүрүштүк ишкана-уюмдарды ж.б. ачууну жана каттоону токтотуу зарыл, - дейт Сабыр Иптаров.

- 12-декабрь - бул Айтматовдун төрөлгөн гана күнү эмес, бул Алыкул Осмоновдун дагы дүйнөдөн өткөн күнү. Менин жеке түшүнүгүмдө 12 деген сандын өзү дагы кыргыз үчүн абдан ыйык мааниси бар. Бул төптүктү, бүтүндүктү туюндурат, 12 мүчө, 12 айры бугу, 12 жаш деген мүчөл, ушул сыяктуу өзүнүн ыйык касиети бар. Ушул күндү ыйык күн деп эсептесек, биз сөздү урматтаган эл катары туура иш кылган болот элек.

Азыркы учурда Чыңгыз Айтматовдун атын Улуттук Илимдер Академиясына, Улуттук китепканага, Бишкек шаарынын бир районуна, бир чоң көчөсүнө ыйгарып, Бишкекте Эркиндик сейил багына же Ала-Тоо аянтына эстелигин орнотуу жөнүндө сунуштар болуп жатат.

Талас мамлекетик университети менен Оштогу Кыргыз-өзбек университети дагы улуу жазуучунун атын алып жүрүү жөнүндө сунуш менен чыгышкан. Улуттук Илимдер Академиясынын Тил жана адабият институтунун эмге жамааты жакында өздөрү чечим чыгарып Айтматовдун атын институтка коюп алышты.

Аталган институттун директору, академик Абдылдажан Акматалиев да өз кезегинде бир нече сунуш менен жогорку жетекчиликке кайрылган. Ал сунуштардын арасында Айтматов энциклопедиясын түзүү, атактуу жазуучунун атын Бишкектеги Улуттук китепканага, Бишкектин Биринчи май районуна ыйгаруу, Айтматовдун чыгармаларынын картасын Бишкек шаарында орноштуруу сыяктуу маселелер бар.

Кыргызстандын жогорку жетекчилиги коомчулуктан түшкөн сунуштар боюнча кандай чечимдер кабыл алынып жатканы жөнүндө коомчулукка эч маалымат угуза элек. 12-декабрда Айтматовдун туулган күнүндө атактуу жазуучуга арналган салтанаттуу чоң жыйын өтөрү, ошондо президент К. Бакиев сөз сүйлөрү күтүлүүдө.

Айтматовдун атын түбөлүк калтырууга байланышкан маселедеги мамлекеттик чечимдерди президент ошол күнү жалпы журтка жарыя кылат деп коомчулук кулак түрүп отурат.

XS
SM
MD
LG