Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

УТРК менен Кыргыз бийлигинин “Азаттыкка” карата мамилесине санааркоо


“Эркин Европа / Азаттык үналгысынын” Президенти Жефф Гедмин Кыргызстандын бийлиги көзөмөлдөгөн Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРКнын) 8-октябрдан бери “Азаттыктын” берүүлөрүн обого чыгарбай жатышына кечээ (жекшембиде) өз кабатырлануусун билдирди.

“УТРКнын жетекчилиги оболу “Азаттыктын” берүүлөрүн убактылуу токтотуусунун себебин берүүлөр акысын төлөөдөгү талаш-тартыш менен түшүндүргөн, бирок акча толук төлөнгөнү тастыкталган соң да, акыбал өзгөргөн жок. 9 аптадан бери УТРК “Азаттыктын” берүүлөрүн обого чыгарбай келет. Кыргыз бийлик өкүлдөрү бул көйгөйдү чечүү үчүн жолугушуудан баш тартышууда”, – делет Гедминдин билдирүүсүндө.

УТРКнын директору Мелис Эшимканов эки күн мурда Ройтер кабар агенттиги үчүн курган маегинде “Азаттыктын” берүүлөрүнүн убактылуу токтотулушун келишимдик милдеттенмелердин аткарылышы маселеси менен байланыштырып түшүндүргөн болчу.

Айрым кыргызстандык серепчилер жана саясатчылар бул окуянын артында эркин маалымат каражаттарына каршы саясат жатат деп жоромолдошууда.

“Эркин Европа / Азаттык үналгысынын” Президенти Гедмин басма сөз үчүн кечээки маалымдоосунда “бул соңку окуялар Кыргызстандагы кыска доордук өмүрү бар плюрализм тажрыйбасы соңуна чыгып жатканына ишаара кылып жатабы?” - деген санааркоосун да билдирди.

XS
SM
MD
LG