Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:51

Түркиядагы эл аралык кинофестивалда Чыңгыз Айтматовго сыйлык берилди


Түркиянын Бурса шаарында өткөн “Ипек йолу” (Жибек жолу) III эл аралык кинофестивалы Чыңгыз Айтматовдун мааракесине арналып өттү. Фестивалды Түркиянын маданият министри Эртурган Гүнай менен Кыргызстандын маданият жана маалымат министри Султан Раев ачты. 60ка чукул мамлекеттин кино чеберлери катышкан бул иш чарада Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде мурда тартылган Кыргызстандан 6 көркөм тасма көрсөтүлдү. Улуу жазуучуга ыйгарылган “Дүйнөлүк кино өнөрүнө кошкон зор салымы үчүн” сыйлыкты анын карындашы Роза Айтматовага тапшырышты. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG