Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:00

К. Маликов: Оппозиция азырынча бириге албайт


Кыргызстандык саясий талдоочу Кадыр Маликов “Азаттыкка” оппозицияда кризистен чыгуу боюнча конкреттүү программа жана баарына жаккан лидердин жоктугунан азырынча бириге албайт деген пикирин билдирди. Бийликке каршы турган партиялардын жана кыймылдардын лидери өзүн башчы көрөөрүн кошумчалады. Кызыкчылыктарында да айырмачылыктар бар экенин баса белгиледи. Айрымдары президенттин кетишин талап кылган кескин чараларды колдосо, башкалары системанын өзгөрүшүн көксөйт, дейт серепчи. Ошондуктан октябрдын этегинде өткөн Элдик курултай көптөр күткөн жыйынтыкты берген жок. К. Маликов Кыргызстан барган сайын саясий туңгуюкка кептелип баратат, деп эскертти. Учурда мамлекет кризистен чыга албай турганын, эл эми ушундай жашоону каалабастыгын, оппозиция болсо калкты жетелеп кетүүгө азырынча кудуретсиз экенин билдирди. Бирок Кыргызстанда абал өтө борпоң болгондуктан, тез өнүккөн окуялардан улам жагдай оппозициянын пайдасына чечилип калышы ыктымалдыгын айтты. (EBM)

XS
SM
MD
LG