Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:03

Кыргыздарда үркүн, казактарда коллективдештирүүнүн мезгилинде жүз миңдеген адамдардын ачарчылыктан кырылышы улуттун аң-сезимине кара так болуп кадалган. Ал ачарчылыкта Украинада да көп адам набыт болгон, бирок ондогон жылдар бою украиндер "холодомор" тууралуу урук-тууган арасында да ачык айтып, кур дегенде кайгы-капасы менен бөлүшүп, көксөөсүн суута алган эмес. Украин кызматынын кабарчысы Ирина Штогриндин комментарийинде ушул трагедия жөнүндө сөз болот.

Мындан 75 жылдай мурда орун алган ачарчылыкка байланыштуу психологдор бүгүнкү Украинада "геноцидден кийинки синдромдун" бир катар белгилерин атап жүрүшөт. Алардын арасында өкмөткө ишенбөөчүлүк жана келечектен бүшүркөө сезимдери бар.

1932-1933-жылдардагы ачарчылыктан аман калгандар бүгүн да нандын бир сындырымын жерге таштабайт, алардын балдары менен небере-чөбөрөлөрү конок келсе дасторконду жайнатып салышат. Анткени алар үчүн тое ичкен баарынан маанилүү. Ошондуктан, алар кандай болот кандай жок деп, үйдө дайым азык-түлүктүн запасын сакташат. Мындан тышкары украиндер тырмалап оокат кылып, калганы "кудай каалагандай" болот деп өздөрүн сооротушат.

Академик Мирослав Попович украиндер "хлодомор" деп атаган улуу ачарчылыктан аман калгандардан. Ал "холодоморду" башынан өткөргөн адам аны эч качан унута албайт дейт:

– Ал кезде абал ушунча оор болгондуктан, биздин муун аны бүгүн да күнү бүгүнкүдөй эстеп жүрүшөт.

Бирок Попович ачарчылык биринчи кезекте тоталитардык режимдерге жек көрүүчүлүктү "мураска" калтырды деп эсептейт:

– Өз өтмүшүнөн улам украиндерде саясий маданият жок. Бирок бизде эркиндикке умтулуу зор. Бул ачарчылыктын эс-тутумубу, жокпу, билбейм, бирок бизде тоталитардык менталитетти караманча жек көрүшөт.

Украин коомунда өзүмчүлдүк да өтө күчтүү. Бул көрүнүштү да кайсы бир деңгээлде ачарчылыктын өлүм жана аман калуу тажрыйбасы менен түшүндүрсө болот. "Менин үйүм менин чебим", "Өзүмө өзүм кожоюнмун" деген эски түшүнүктөр бүгүн жарандык коомдун жана нагыз улуттук элитанын түптөлүшүнө тоскоол болуп келатат.

Философ Евгений Шверстиук советтик мезгилде саясий көз караштары үчүн камалып чыккан. Ал Горбачевдун кайра куруусунан кийин да элдер ачарчылык тууралуу сөз кылуудан коркконун эскерет. Айыл өкмөтү областтык бийликтердин көрсөтмөсү менен атайын уюштурган жыйында да көп кишилер куугунтукка кабылабыз деп, сүйлөбөй коюшкан.

Шверстиуктун ишениминде, украиндерге ал трагедияны эскерип, ыйласа ыйлап, кайгысынан арылууга мезгил келди. Бул үчүн алар ачарчылык тууралуу ачык сүйлөп, киши өлгөн айылдардын тизмесин аныктап, бардык курмандыктардын ысымдарын такташы керек, ошондо гана алардын көксөөлөрү сууйт.

"Антпесе алар руханий тилемчилер болуп калат. Бүгүнкү жашоо эр жүрөк, чечкиндүүлүктү талап кылат. Чындыкты айтып, коркуу сезими менен катар украиндер өксүктүк сезиминен да арылышы керек",- деп эскертет ал.

Ал эми азыркы өкмөт ачарчылыктын курмандыктарын кандайча эскере алат? Менимче Киев бийликтери бул үчүн бардык украиндердин келечекке ишемдүү карап, коркпой-үркпөй жашашына шарт түзүш керек. Бул үчүн болгону адам укуктарын сыйлап, мыйзамды сактоо жана кажыбас эмгек зарыл.

Эскертүү: Азаттыктын кабарчысы Ирина Шрогриндин комментарийиде айтылган пикирлер автордуку
жана сөзсүз эле Азаттыктын көз карашын чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG