Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

Казак тарыхындагы эң кайгылуу барактардын бири


Казакстан, 1930-жылдар. Ачарчылыктан жапа чеккен эл жер которууда.
Казакстан, 1930-жылдар. Ачарчылыктан жапа чеккен эл жер которууда.

Өткөн кылымдын 30-жылдарында орун алган ачарчылык казак тарыхынын кайгылуу барактарынын бири болуп эсептелет. Азаттык/Эркин Европа үналгысынын казак кызматынын жетекчиси Эдиге Магауин макаласында ушул ачарчылык окуясын иликтеген.

Ошол жылдары көчмөн казактардын көбү мал чарбачылыгынын эсебинен күн көрчү. Малды конфискациялоо 1929-жылы башталып, 3 жылдан кийин массалык ачарчылыкка алып келген. Чегарага жакын жашаган казактар кошуна өлкөлөргө - Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Кытай жана Монголияга агылышкан. Бирок борбордук чөлкөмдөрдө отурукташкан калк эч жакка качалган эмес. Ачарчылыктан каза тапкандардын саны дал ошол аймактарда эң жогору болгон.

Казак мамлекеттик университетинин тарыхчысы Талас Омарбеков 1980-жылдары эле советтик архивдер менен иштөөгө мүмкүнчүлүк алган. Анын ырастоосунда, Казакстанда ачарчылык 2,3 миллиондой кишинин өмүрүн алып кеткен.

Өткөн айда Украинадагы ачарчылыкка арналган пресс-конференцияда россиялык тарыхчылар Казакстандагы курмандыктардын саны 1 жарым миллион болгон деп айтышкан. Казак интеллектуалдары түпкүлүктүү улуттун өкүлдөрү ачарчылыктан башкаларга караганда көбүрөөк жабыркаганын, Борбор Азиядагы калган жумурияттар андай жоготууларга учурабагынын белгилеп, бул жерде жалаң коллективдештирүү саясатын күнөөлөөгө болбойт дешет. Кай бирлер, атүгүл, ачарчылыкты геноцид деп аташууда. Бирок казак бийлиги бул көз карашты бөлүшпөйт көрүнөт.

Казакстанда ал трагедиядан жакындарын жоготпогон үй-бүлөө жокко эсе. Ал күндөр эсте калган ак сакалдар ар кайсы жерде адамдардын сөөктөрү жатканын, бүтүндөй айыл-кыштактар кырылып калганын айтып беришет.

Советтик гезиттер ачарчылык жөнүндө жазышкан. Бирок Украинадан айырмаланып, бир дагы Батыш журналисти ачарчылыкты чагылдыруу үчүн Казакстанга баруу мүмүкүнчүлүгүн ала алган эмес. Буга карабай, айрым адамдар ошол окуялар жөнүндө өз алдынча жазып калышкан.

Татьяна Невадовская 1933-жылы 19 жашта болчу. Атасы, сүргүндөгү россиялык профессор менен кошо Алматынын жанындагы Чымдаулет айлында жашачу. Жаш Татьяна өзү ачарчылыктан жабыркабаса да, үрөй учурган окуяларды каттап, сүрөткө тартып, ыр жазган. Ал жарым кылым бою жазуулары жөнүндө эч кимге айтпай жүрдү. Пенсияга чыккандан кийин гана 1980-жылы Невадовская “альбомун” Казакстандын борбордук архивине өткөрүп берген.

Өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин ачарчылыктын курмандыктарына эстелик тургузуу демилгеси көтөрүлгөн. 1992-жылы интеллигенциянын кысымы менен өкмөт жер бөлүп берген. Андан бери 16 жыл өтсө да, эстелик орнотула элек.

Татьяна Невадовская өз эскерүүлөрүндө : “Ал абдан катуу кыш болгон, өзгөчө жергиликтүү эл үчүн. Казакстандын азыркы мууну ачарчылыктан көз жумган адамдарды, балдарды, абышка-кемпирлерди, бош калган айыл-кыштактарды, талааларда өлүп калгандарды унутпайт деп ишенем”, - деп жазган экен.

Эскертүү:

Макаладагы көз караштар жеке Эдиге Магауинге таандык жана сөзсүз түрдө "Азаттыктын" пикирин чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG