Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:00

Э.Карабаев Иранда президент М.Ахмединежад менен жолукту


Кыргыз тышкы иштер министри Эднан Карабаев кечээ Иран президенти Махмуд Ахмадинежаддын кабыл алуусунда болду. Жолугушууда Ирандын өлкө башчысы соода, инвестиция тармагында жана аймактык кызматташтыктын алкагында эки өлкөнүн алака-катышы ыкчам өнүгүп жатканын белгиледи. Э. Карабаев өз кезегинде Кыргызстан транспорттук-байланыш долбоорлорун ишке ашыруу боюнча аракеттерди кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Иш сапары учурунда Эднан Карабаев Ирандын соода министри менен да жолукту. Жыйынтыгында кыргыз делегациясы Кыргызстандын Ирандагы элчилигинде болушту. (AzK)

XS
SM
MD
LG