Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

16-декабрда Москва районунда нааразылык чара өтөт


Бул туурасында «Болуш» ассоциациянын жетекчиси Сапар Аргынбаев «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымына караганда, мындай иш чараны уюштурууга жергиликтүү тургундардын кайрылуулары себеп болгон. «Карапайым эл арасында өзгөчө электр кубатынын өчүшүнө, кышка даярдыкка жана кымбатчылыкка байланыштуу нааразылыктар күч алууда»,- дейт С. Аргынбаев. Нааразылык акция Беловодск айылынын борборундагы жеке турак үйдүн короосунда өтөт. Уюштуруучулардын айтымына караганда, ушундай эле наарызылык иш чаралары 22-декабрда Чүйдүн ар бир райондук борборлорунда уюштурулат. Бирок губернатордун орун басары Турусбек Султаналиев нааразылык иш чарасын өткөрүү үчүн сөзсүз түрдө жергиликтүү бийликтен уруксат алуулары зарыл деп билдирүүдө. (JJ)

XS
SM
MD
LG