Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:00

Орусиядагы кыргыздардын экинчи конгресси өтөт


Москвадагы кыргыз элчиси Райымкул Аттокуров космонавт Салижан Шарипов менен
Москвадагы кыргыз элчиси Райымкул Аттокуров космонавт Салижан Шарипов менен

Орусиядагы кыргыз элчилиги учурда бул иш чараны уюштуруу аракетин көрүүдө. Бул маселенин тегерегинде элчи Райымкул Аттокуров “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Элчи мырза, бул иш чара кайсы күнгө белгиленүүдө?

- Элчилик Орусияда жашаган, иштеген кыргыздар, кыргыздардын уюмдарын чакырып, 22-декабрда Москва шаарындагы «Космос» конок үйүндө залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 80-жылдыгына байланыштуу маараке уюштуруп жатабыз. Анын эртеси, 23-декабрда болсо Орусиянын жер-жерлеринде жашаган кыргызстандыктардын экинчи конгрессин өткөрөлү деп атабыз. Эки күнү тең кечинде Кыргызстандан келген өнөрпоздордун концерти болот. Ага Орусиянын бүт аймактарынан, 35 шаардан иштеп, окуп аткан кыргыздар келип катышышат деп турабыз.

- Сиз 35 шаардан дедиңиз, коноктор Орусиядан элеби же танапташ мамлекеттерден да келишеби?

- Жок, Орусиянын эле отуз беш шаарынан келишет. Ошончо шаарларда каттоодон өтүшкөн уюмдарыбыз бар. Ошол уюмдардын жетекчилери, активдери, орто эсептен алганда, 10-15ден киши келсе мааракебиз жакшы өтөт деген ишеничтебиз.

- Келгендер бекер киришеби же билет сатып алып кириши керекпи?

-
Эки күнү тең иш-чаранын түштөн мурунку өтө турган бөлүктөрүнө бекер киришет, а кечиндеги концертке Москванын шартында анча кымбат эмес баада билеттерди сатып алып киришет. Себеби артисттердин финансылык талабы бар. Бирок залдар үчүн ижара акысын элчилик өз мойнуна алат.

- Айтматовдун 80-жылдыгы Кошмо Штаттарда да белгилениптир. Ал жерде да Кыргызстандын элчилиги демилгечи болуп өткөрүлүптүр. Жакында Бишкекте өткөнү жатат, акыры келип, Москвада өтөт экен...

- Биз өкмөткө, маданият министрлигине, жазуучулар союзуна чакыруу кат жибергенбиз. Келишет деп ишенебиз. «Мосфильмдин» жетекчиси Шахназаровго кайрылуу жасап, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган фильмдерди көрсөтүүгө уруксат алдык. Ошол күндөрү Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган фильмдерди көрсөтөбүз.

- Өткөндөгү конгресс сыяктуу азыркы конгрессти да Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги уюштуруп атыптыр. Кыргыздардын Орусиядагы коомчулугу, өздөрү түзүп алышкан уюмдардын кошкон салымы канча болуп атат?

- Биз кыргызстандыктардын Орусиядагы биринчи конгрессин 2006-жылдын декабрь айында өткөргөнбүз. Экинчи конгрессин быйыл декабрда өткөрүп атабыз. Бирок бул мамлекетте Кыргызстандан бир эле кыргыздар иштеп жүрүшкөн жок, калган улуттардын да өкүлдөрү бар. Алар да катышат. Маселен, Кыргызстандан келип бул жакта иштеп атышкан өзбектер да өз алдынча уюм түзүп, азыр каттоодон өтүп жатат. Алардын да катышабыз деген аракети бар. Ошол себептүү кыргыздардын конгресси эмес, кыргызстандыктардын конгресси десек туура болот.

- Экинчи конгресс боюнча эмне дээр элеңиз? Бул четте жүргөн кыргыздар тарыхындагы олуттуу маселе экен...

- Негизги максат - Орусиянын аймагындагы кыргыз коомдорун бириктирип, жакшылык-жамандыкта бири-бирине жөлөк болуучу жаатка айлантуу. Азыркы туштагы финансылык кризисте кандай натыйжа болот?.. Алар менен ой-пикир бөлүшүп, кандай кыйынчылыктар бар экенин билип, оорчулук болсо - бизден аларга кандай жардам керек, алардын бизге кандай көмөгү болот, ошол маселелерди билүү. Анан биздин бул жерде жашап, иштеп, окуп жүргөн жарандарды ич ара жылуу ымалага келтирүү, инвестицияны Кыргызстанга алып бару сыяктуу маселелер. Негизги максаттар ушулар деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG