Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Коррупция бала бакчага түшүп, жетинчи кабатка жеттиби?


Кыргызстанда коррупцияга каршы күн белгиленди. Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдө коррупция кеңири жайылганын моюндаса, Улуттук университеттин профессорлору аларда коррупция жоктугун жарыялап чыкты.

Коррупциянын деңгээли боюнча Кыргызстан дүйнөдөгү 180 өлкөнүн ичинен 166 орунда турат. Мындай бааны Эл аралык Трэнсперенси интернешнл уюму берген.

Кыргызстандын расмий бийлиги мындай баага макул эмес. Маселен, коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин комиссары Садыр Жапаров "Трэнперенси интернешнл" уюмунун баасы чындыкка жакын эмес деп, Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү үчүн саясий эрк бар экенин билдирди.

"Трэнсперенси интернешнл" уюмунун Кыргызстандагы өкүлү болсо “Кыргызстанда коррупцияга каршы сөз көп, бирок иш жок” экенин белгилеген.

Президент Курманбек Бакиев Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин комиссары Жапаровду 1-декабрда кабыл алууда “Биз корруциянын жогорку деңгээлдеги көрүнүштөрүн ооздуктоого жетиштик, мисалы, жогорку мамлекеттик кызматка дайындаганы үчүн акча алуу практикасын түп-тамырынан бери жойдук. Бирок өкүнүчтүү жери, билим берүү, саламаттыкты сактоо, укук коргоо органдарында коррупциялык көрүнүштөр дале орун алууда”,-деп белгилеген.


Биз корруциянын жогорку деңгээлдеги көрүнүштөрүн ооздуктоого жетиштик, мисалы, жогорку мамлекеттик кызматка дайындаганы үчүн акча алуу практикасын түп-тамырынан бери жойдук.


Жогорку Кеңештин депутаттары Алишер Сабиров менен Бегалы Наргозуев парламентте коррупция төмөндөдү деген пикирде. Төмөндөөгө партиялык тизме менен шайлоо негиз болду, дейт Наргозуев:

-Моюнга алыш керек бизде коррупция аябай өнүккөн. Бүт тармактарга кирген. Бирок бул жерде жакшы суроо болду, бул партиялык система менен келген парламент менен мурунку парламенттен кандай айырмасы бар деген. Мурун депутаттар топ-топторго бөлүнүп алып, мыйзамдарды өткөрүүгө, министрдик орундарга кимдир-бирөөну бекитүүгө киришип, ал үчүн акча алгандыгы тууралуу ушак сөздөр жүрчү. Азыр андайлар жок.


Коррупцияга каршы күрөшүү күнү Жусуп Баласагын атындагы Улуттук универститеттин бир катар профессорлору өздөрүнүн окуу жайынын беделин коргоп чыгышты. Маалым болгондой Билим берүү жана илим министрлиги универститеттеги кемчиликтерге, анын ичинде коррупцияга байланыштуу ректор Ырысбек Өмүркановду ноябрь айында эле кызматтан алган. Профессорлор министрликтин чечимине каршы чыгып, университетте эч кандай коррупция жок экенин билдирип чыгышты.

-Биздин университетте коррупцияга батып кетти деген жок. Өмүркановдун иштегенине эки жылдай болуп калды. Ал ушул иши учурунда административдик башкаруу аппараттарын кыскартуу менен жумушчулардын, тазалоочулардын, лаборанттардын айлыгын 70-80% көтөрүп берди,- дейт профессор Султан Адылов.

Аталган профессор билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурованын университетте 8-9 ай ректордун милдетин аткаруучу болуп иштеген убагында үч ай бою өзүнө-өзү сыйлык ыйгарганын, 30-40 миң сомдук курулушка 3 миллион сом сарпталды деп маалымат бергендигин ачыктады.

Андан кийин сүйлөгөн профессорлор Асан Токтосунов, Владимир Печенов, Ибраим Оморов Улуттук университеттин таламын талашып, окуу жай коррупциясыз өнүгүү жолунда экенин белгилешти.

“Атуулдук коом коррупцияга каршы өкмөттүк” эмес уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова өлкөдөгү коррупция тууралуу мындай пикирин ортого салды:

-Паракорлук жана коррупция бүгүнкү күндө бала бакчалардан баштап, чоң кендер менен иштеген алтын болобу, мунай, болобу, газ болобу-ушундай мекемелердин баары коррупцияга чырмалып кеткен. Мына учурда министр Болжурова айым менен университеттин ичинде ачык күрөш болуп жатат. Парламенттик комиссия Саламаттык сактоо тармагындагы коррупциянын бетин ачып жатат.

Бүгүнкү күндө бала бакчалардан баштап, чоң кендер менен иштеген алтын болобу, мунай, болобу, газ болобу-ушундай мекемелердин баары коррупцияга чырмалып кеткен.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG