Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:24

Жалал-Aбат облусунда жарандардын жашоого болгон укуктары чектелүүдө


Адам укугу үйдөн чыгып, жумушка баратканда, көчө-базарда, билим алуу жайларында, сот, ички иштер уюмдарында бузулууда. Өлкө эл аралык жана өкмөттүк келишимдерге кол койгону менен элдин саясий-экономикалык, юридикалык укуктары кагаз жүзүндө калды. Ушу тапта «Кыргызстан Борбор Азиядагы демократиянын аралчасы» деп сыймыктануу мүмкүн эмес. Жарандардын жашоого болгон бардык укуктары чектелүүдө. Электр жарыгы тынымсыз өчүп жатканда балдар жетиштүү билим алалбайт, караңгыда олтурган үй-бүлөнүн жарыкта жашоо, таза абадан дем алуу, «Адилеттик» уюмуна даттангандардын жер жана жеке менчик, көз каранды эместик, маалымат алуу, маалымат таратуу укуктары чектелүүдө. Уюм бийликтегилерге жиберген адамдардын арыз-дооматтары жыйынтыксыз калууда. Мындай билдирүүнү бүгүн адам укугун коргоочу бир нече уюмдардын өкүлдөрү жасашты. Облбийликтин өкүлү билдирүүнү четке какты. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG