Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:59

АКШнын Кубадагы Гуантанамо Бей түрмөсүндө отурган шектүү террористтердин бешөө 2001-жылдын 11-сентябрындагы чабуулдарга өздөрүнүн катышы боюнча күнөөсүн мойнуна алуу нийетин жарыялашты.

Сөз болуп жаткан беш айыпкердин экөө, анын ичинде 11-сентябрдагы чабуулдардын башкы уюштуруучусу деп саналган Халид Шейх Мухаммед өлүм жазасы аларга шейит болуп, бейишке чыгууга жол ачкандыктан, ушул жазага тартылууну кааларын билдирген. Бирок дагы экөөнүн эмне себептен жогорку жазаны тилеп жатканы белгисиз.

Стейси Саливан - укук коргоочу Хьюман Райтс Уотч уюмунун террорчулук боюнча кеңешчиси, ал Гуантанамо Бейде камалгандардын ишин тыкыр көзөмөлдөп келет. Азаттыкка Саливан шектүү террорчуларга алардын бири, ал-Каиданын улук өкүлү саналган Халид Шейк Мухаммед кысым көрсөтүп жаткан болушу мүмкүн деген шектенүүсүн билдирди. Бир эле мезгилде айыпкерлер жети жылдык камактын шарты жанына баткандыктан, андан көрө өлүп тыналы деп жаткан болушу да мүмкүн:

- Бул бешөөнүн үчөө 11-сентябрь окуяларына катышканын ачык эле айтып, мактанышып, күнөөлүү экенин моюнга алышкан. Бирок күнөөсүн сот алдында расмий жарыя кылыша элек. Башкача айтканда, алардын күнөөлүү экендиги тууралуу маалымат жаңы деле эмес. Азыр кеп алар жети жыл абакта жатып, зордукчулукка жана кыйноого кириптер болгонунда болуп жатат. Балким ошондон улам алар күнөөлөрүн моюнга алып жатышкандыр. Экинчи маселе – балким аларды Халид Шейх Мухаммед ушуга мажбурлап жатат.

Аскердик комиссиялар мындан жети жыл мурда бир гана максатта - президент Буштун "террорго каршы" согушундагы "мыйзамсыз согушкерлерди" жана шектүү террористтерди соттоо үчүн түзүлгөн болчу. Саливандын сөзү боюнча, эгер Гуантанамо Бейдеги айыпкерлер бул комиссияда эмес, кадимки эле АКШнын федералдык сотторунда соттолгондо маселе тез да, оңунан да чечилет болчу. "Себеби,- дейт ал, аскердик комиссияларда күчкө салып көрсөтмө берүүгө жол берилет, ал эми федералдык соттордо буга уруксат жок". Андан тышкары:

Аскердик комиссия жараяны башталган жети жылдан бери федералдык соттор 145 террордук ишти карады. Ал эми аскердик комиссиялар жети жылда болгону үч иш боюнча өкүм чыгарды. Анын үстүнө аскердик комиссиялардын иши көп сындалып, алардын өкүмү америкалыктарды да, дүйнөдөгү башка элдерди да чындап ынандыра албайт.

Айыпталуучулар ушул дүйшөмбүдө айтышкандай, алар күнөөлөрүн моюнга алуу тууралуу чечимди Барак Обама президент болуп шайланган 4-ноябрь күнү кабыл алышыптыр. Обама Гуантанамо Бей камак жайын жаап, аскердик комиссиялардын сотторун токтотууга убада кылган.

Ушуга байланыштуу, айыпкерлер Обамага алардын башкалар акыйкат деп санаган жарандык сотто соттолушуна жол бербөө үчүн, өздөрүнүн тез арада өлүм жазасына тартылышынын жандалбасын кылып жатышкан болбосун деген суроо туулат.

Айыпталгандар күнөөлөрүн моюнга алаар-албасы бир маселе, алар сот алдына келип, соттолууга компетенттүүбү, бул дагы бир өтө маанилүү суроо. Вашингтондук аналитик Марк Аграсттын сөзү боюнча, айыпкерлер узак мезгил сотсуз камакта отургандыктан, алардын күнөөсүн моюнга алууга акыл-акыбалы мүмкүнчүлүк береби деген суроо туулат. Кошмо Штаттарында ушуга байланыштуу "психологиялык компетенттүүлүк" беренеси бар:

Булар өтө узак убактан бери сотсуз камалып жатышты. Алардын экөөнө байланыштуу прокурорлор алардын компетенттүүлүгү тууралуу маселени көтөрүшүүдө. Ансыз алардын көздөгөнү эмне болсо да, алардын күнөөсүн моюнга алуусун сот тааныбай коюшу мүмкүн.

Аграст да аскердик комиссиялардын ишинин майнапсыздыгын сындаган Саливандын пикирине кошулуп, америкалык федералдык соттор эбактан бери "бүт дүйнөгө үлгү болуп келгендигин эске салды.
XS
SM
MD
LG