F-18 үлгүсүндөгү аскерий учак Калифорниянын түштүгүндөгү Сан –Диеого шаарынын чек жакасында, эл жыш жашаган аймакка кулаган. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, эки турак үй талкаланды. Каза тапкандар ошол турак үйлөрдүн жашоочулары. АКШнын аскерий-деңиз күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн айтымында, учак машыгууга катышып жаткан кезинде кулаган, учкуч андан аман чыгып кетүүгө үлгүргөн.