Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:00

Карабак: талаштар такталууда


АКШнын мамкатчысынын жардамчысынын орун басары Мэтю Брыза

АКШнын мамкатчысынын жардамчысынын орун басары Мэтю Брыза

Өткөн айдын башында Армения менен Азербайжандын жана Орусиянын президенттери Москвада Карабак жаңжалын бир гана дипломатиялык жолдор менен чечүүгө кол алышып, биргелешкен билдирүүгө кол коюшкан.

2-ноябрдагы билдирүүдө мындан аркы сүйлөшүүлөрдү 2007-жылдын ноябрында Мадридде аныкталган жоболордун негизинде жүргүзүү да макулдашылган.

Ал эми 4-декабрда Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Хелсинкиде өткөн жыйынында Орусия менен Франциянын тышкы иштер министрлери жана АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Даниел Фраед Москва декларациясы тууралуу жарыя жасашты. Карабак жаңжалы боюнча Минск тобуна кирген бул үч өлкөнүн өкүлдөрү документти "Түштүк Кавказдагы тынчтыкты бекемдөөдөгү биргелешкен аракеттердин жаңы жана өтө келечектүү баскычы" деп мүнөздөгөн.

Ушуга байланыштуу мамкатчынын жардамчысынын орун басары Мэтю Брыза "Азаттыкка" Москва декларациясы жараткан үмүттү өчүрбөй, дипломатиялык аракеттерди күч алдыруу керектигин белгилеп, бир эле мезгилде жаңжалды жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү буга чейин эч качан азыркыдай үмүттүү болбогондугун билдирди.

Бирок Азербайжандын тышкы иштер министри Элмар Мамадияров армян жана азербайжан президенттери келерки жылдын башында гана жолугушаарын билдирди. Мамадияров ошондой эле Минск тобу ага жана өзүнүн армян кесиптешине Мадридде былтыр жактырылган түпнегиз жоболорго кошумча-алымчаларды жибергендигин бышыктады. Бирок ал кандай сунуштар экендигин тактаган жок.

Мадрид жоболорунда Азербайжан менен Армения буга чейин жетишкен алдын-ала макулдашуунун айрым аспектилери аныкталаары айтылууда. Ал макулдашууда чийелешкен татаал маселелер так айтылган. Анын ичинде Тоолуу Карабактын макамы "референдум же добуш берүү аркылуу" чечилээри келишилген. "Азаттыктын" Түштүк Кавказ боюнча серепчиси Лиз Фуллердин айтымында, мындай референдумга аймактын азери тургундары да катышууга тийиш:

- Карабактын азербайжан улутундагы мурдагы тургундары - 1988-89-жылдардагы согуштун мезгилинде бул жумурияттан качкан азербайжандар туулган жерлерине кайтып келип, референдумга катышышы керектигин эки жак тең таанышат. Бул жаатта мунаса бар, Армения буга каршы деп ойлобойм.

Бирок Азербайжандагы эхо-аз.ком сайты өткөн айда Мадридде Тоолуу Карабактын расмий макамы референдумда такталганга чейин аймакка өткөөл макам берүү макулдашылган деген маңыздагы маалымат таркатты. Ал эми Хелсинкидеги азери делегациясы учурда Армения басып турган жерлерди тынчтык жараянынан бөлөк кароо тууралуу жаңы жоболорду дей.аз сайтында жарыялады. Бирок Армения эч кандай жеңилдиктерсиз эле Карабакты Азербайжанга кайтарып бериши керек деген өңүттөгү мындай талапты Карабакта же Арменияда кубанып кабыл алышпаарын элестетүү кыйын эмес.

Бул өңдөнгөн талаштуу суроолор кала берип жатканы менен, бир катар маселелер такталды. Анын ичинде күч колдонобуз деп коркутуудан баш тартуу, Карабактын айланасындагы азери аймактарынан армян күчтөрүн алып кетүү, аймактарды куралсыздандыруу, эл аралык тынчтык күчтөрүн жайгаштыруу сыяктуу чаралар боюнча мунаса жетишилген. Карабактын келечек макамы боюнча референдум же добуш берүүнүн мөөнөтү да кийин такталат. Ал эми миналарды жок кылуу, кайра куруу, качкындарды үйлөрүнө кайтаруу иштерине эл аралык коомчулук каржылык жардам көрсөтмөкчү.
XS
SM
MD
LG