Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:12

Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата жыйын болуп жатат


Бишкектеги тарых музейинде өтүп жаткан жыйынга мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу, өкмөт башчы Игорь Чудинов, Жогорку соттун төрайымы Светлана Алиева жана Акыйкатчы Турсунбек Акун катышууда. Мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу өз сөзүндө Кыргызстан адам укуктарын коргоону бекем туткан өлкө болуп кала берерин белгиледи. Андан кийин сөз алып сүйлөгөн айрым укук коргоочулар акыркы жылдары өлкөдө адам укугун басмырлоо күч алгандыгын айтып кетишти.

Бүгүн БУУ тарабынан “Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын” кабыл алынуусуна 60 жыл толуп отурат.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG