Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:15

Бажы төлөмдөрүн көбөйтүү тууралуу чечим 1-январдан тарта ишке кирет


Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей сырттан алынып кирилүүчү автоунааларга бажы төлөмдөрүн көбөйтүү тууралуу өкмөттүн чечими жаңы жылдан тарта күчүнө кирмекчи. Буга көптөгөн ишкерлердин өтүнүчү себепкер болгон. Сырттан алып кирилүүчү автоунаалардын кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша бажы төлөмдөрүн көбөйтүү тууралуу чечим 25-ноябрда “Эркин Тоо” басылмасына жарыяланып, мыйзам боюнча бүгүн, 10-декабрдан тарта күчүнө кирмек. Чет мамлекеттерден автоунаа апкелип саткан айрым ишкерлер буга чейинки алынып келинген автомашиналарын сатуу үчүн мөөнөт берүүнү талап кылып, кечээ Эски аянтка нааразылык акциясына чыгышкан.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG