Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

Турсунбек Акун: “Азаттык” Кыргызстанда демократиянын калыптанышына салым кошкон


Акыйкатчынын бүгүнкү жыйында сүйлөгөнү боюнча “Азаттык” үналгысы 2005-жылкы март окуяларынын тушунда өлкөдөгү кырдаалды калыстык менен чагылдыруу аркылуу мурдагы бийликтин кулашына, азыркы бийлик өкүлдөрүнүн мамлекет башына келүүсүнө чоң салым кошкон. “Ушундай эле кызматты аркалаган Би-Би-Си үналгысынын, “Азаттыктын” обого чыкпай жаткандыгын президент билбейт болушу керек, жакынкы күндөрү бул маселени Курманбек Бакиевге жеткирем” деп убада кылды Турсунбек Акун. Акыйкатчы мамлекет башчыны эл алдында сөзгө калтырбай эркин үналгыларды кайрадан эфирге кое берүү –УТРК жетекчиси Мелис Эшимкановдун милдети, деп эсептейт.

“Азаттык” үналгысынын сыналгы долбоорлору 8-октябрдан тарта, көп өтпөй “Азаттыктын” таңкы берүүлөрү, андан соң анын башка үналгы берүүлөрү да УТРКнын экинчи каналынан демейдегисиндей чыкпай калган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG