Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:18

Оппозиция лидерлери АКШ коомчулугун Кыргызстандын өнүгүү концепциясы менен тааныштырышат


Ушул тапта “Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов, “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев, “Ачык саясат” гезитинин башкы редактору Бабыржан Жээнбеков АКШдагы Карнеги институтунун чакыруусу менен Америкада жүрүшөт. Кийинчерээк аларга “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев кошулары айтылууда. “Ата Мекен” партиясынан “Азаттыкка” маалымдашкандай оппозициянын лидерлери АКШда 21-декабрга чейин болушуп, сапар учурунда америкалык коомчулукка “Акыйкат үчүн” кыймылы тарабынан түзүлгөн Кыргызстандын саясий өнүгүү концепциясын тааныштырмакчы. Мындан тышкары алар АКШнын мамлекеттик департаментинин, Конгресстин жана бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушат. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG