Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Т.Исмаилова: Адам укуктары жана сөз эркиндиги боюнча кейиштүү абалга келдик


Өлкөдөгү демократиялык күчтөр тарабынан 2003-жылы түзүлгөн демократияны өнүктүрүү фондун кайра жандантуу аракеттери көрүлүүдө. Бул боюнча “жарандар коррупцияга каршы” борборунун башчысы Төлөйкан Исмаилова “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Кыргызстандагы саясий партиялар, коомдук уюмдар тарабынан 2003-жылы түзүлгөн демократияны өнүктүрүү фондун кайра жанданта турган болдуңуздар, ага эмне себеп?

- Бүгүнкү акыбал Кыргызстандагы жашаган адамдардын ушунчалык кейиштүү, ошол 2003-2004-жылдардагы кейпибизге келдик. Ошон үчүн чыныгы акыйкат үчүн жана мыйзамдар демократиялуу болуп, ачык коом түзгөнгө убакыт жеткен деп биз 1996-жылы эле чечкенбиз. Ошондон бери өзүбүздүн мойнубузга алган жоопкерчиликти элдин алдында аткарып келатабыз. Бүгүнкү күн аябай кейиштүү болуп турат. Ошон үчүн радикалдуу түрдө тынч меттоддор менен азыркы абалды өзгөртпөсөк Кыргызстандын абалы өтө кейиштүү болуп турат.

- Бул фонд Кыргызстандын жана эл аралык коомчулукка таза болуу антын берүүнү сунуш кылды. Эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес ант берүү натыйжа береби, бул балалык кыял эмеспи?

- Бул адамдык сапат жана баалуулуктар эч кандай юридикалык, же болбосо Минюстта каттоонун кереги жок. Бул ар бир адамдын ичиндеги жана жараткандын астында жоопкерчилиги, кандай коомдо жашайм жана системада жашап атам жана эмне үчүн мен бүгүнкү күндө ушундай ант берип атам деген суроолорго жооп берет. Ошон үчүн 10-ноябрдан баштап бүгүнкү күндө көптөгөн саясий партиялар жана коомдук уюмдардын жетекчилери кол койду. Бул ант Манас атанын, Калыгул акенин астында, дегеле өзүнүн уятынын астында жоопкерчиликти аябай талап кылып жана бүгүнкү күндө чогуу бирдиктүү күч кылып туруп, принциптердин астында жоопкерчиликти мойнубузга алып атабыз.


- Азыркы күңдө фондго кайсы партиялар, уюмдар мүчө жана алардын жакын арада кандай иштерди жасайбыз деген милдеттери турат, фонддун аракетин коомчулук колдойт деген ишеним барбы?

- 2003-жылы апрелде 19 партия бул фонддун ичине кирген. Бүгүнкү күндө ошол эле партиялар, иштеп аткан лидерлер, анын ичинде Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, акыйкат, азаттык үчүн түрмөгө чейин барып келген Топчубек Тургуналиев, “Кылым шамынын” жетекчиси Азиза Абдрасулова жана аябай түптөлгөн, көп жылдан бери акыйкат үчүн иштеп келаткан Аксы трагедиясынын адамдары жана Барскоон трагедиясын башынан кечирген жарандык коомдун лидерлери топтолду. Ошондо 50гө жакын лидерлер бүгүнкү күндө ушул анттын астында иштеп келатабыз.

- Ошол фонд жакын арада кандай маселелерге көңүл бурат жана алардын башын бириктирип турган эң негизги жакын арадагы кайсы маселе болот?

- Эң негизгиси - сөз эркиндигин ордуна калыптандырыш керек. Бүгүнкү күңдө 1-декабрдан баштап Би-Би-Си жана “Азаттык” эфирге чыкпай калганы бул аябай кайгылуу нерсе. Анткени кыргызстандыктар жана эл аралык коомчулук билет, “Азаттыкты” адамдар тамак ичкендей кабыл алат, эртең мененден баштап жатканга чейин ар бир адамдын турмушунда “Азаттык” суу ичкендей эле болуп калган. Би-Би-Синин эл аралык уюмдардын жаңылыктарын, дүйнөдө эмне болуп атканын чагылдырганы материалдык болбосо дагы, руханий баалуулуктары бар болчу. Бүгүнкү күндө ал сөз эркиндигин дагы алып атат өкмөт. Экинчиден, тынч пикеттер жана митингдер. Бүгүнкү күндө жабык парламент болуп турганда, адамдар электр жарыгысыз отурганда, адамдар, балдар ооруканаларда каза болуп атканда, же болбосо ошол эле жергиликтүү доктурлар бүгүнкү күндө адамдарга көңүл бурбайт, анткени акча жана паракорлукту башына аябай киргизип алышкан. Ошон үчүн бүгүнкү күндө мындай атмосферада адамдар кантип жашай алат?

- Эгер бийлик өкүлдөрү, же карапайым адамдар ушул фонд сунуштаган антка кошулабыз деп келсе эшик ачыкпы?

- Дайыма эшик ачык.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG