Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Тоолуу өлкөлөрдүн тобу түзүлүшү ыктымал


Тоолуу райондорду өнүктүрүү боюнча президенттин атайын өкүлү Асылбек Айдаралиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, кыргызстандыктар Бириккен Улуттар уюмуна тоолу өлкөлөрдүн тобун түзүү сунушун киргизүүгө даярданып жатышат. Ага ылайык, ушул тапта эл аралык эксперттер менен бирге иликтөө материалдары камдалууда. “Үч-төрт өлкөлөрдүн тобу сыяктуу тоолуу өлкөлөрдүн тобун түзүү сунушу менен барабыз. Транспорт, байланыш жаатында кыйынчылык болгон тоолуу райондорду, жалпы эле кымбатчылык маселеси изилденип резолюцияга киргизилет”, - дейт А.Айдаралиев. Бул материалдар кийинки жылдын октябрь айында Нью-Йоркто өтүүчү БУУнун жыйынында тапшырылат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG