Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:10

Орусияда Чыңгыз Айтматовду кастарлап эскеришүүдө


Чыңгыз Айтматовдун 80-жылдык мааракеси жакындаган сайын орусиялык коомчулукта кыргыздын атактуу жазуучусу калтырган из-таасир тегерегинде кеп улам козголууда.

Чыңгыздын сексен жылдыгы чукулдаган сайын орусиялыктар арасында жазуучунун кадыр-баркы мурдагыдан эки эсе кепке алына баштады. Алардын бир жааты Чыңгыздын чыгармаларынан таасир алып, аны өздөрүнүн устаты дешсе, экинчи жааты Чынгыздын чыгармаларын окуудан каниет алабыз дешет. Мен бул күндөрү жолуккан Москвалык жазуучулар союзунун жетекчиси, адабий сынчы жана коомдук ишкер Евгений Сидоров мындайча ой бөлүшөт:

- Чыңгыз Төрөкулович Айтматов кадыресе кара сөз жазып келген жазуучунун бири эмес. Ал өзүнүн чыгармачылыгы менен бүтүндөй бир аалам жараткан. Ал ааламда жөпжөнөкөй ошол эле учурда абдан татаал мүнөздүү адамдар жашашат. Ал жакта төө жайылып, карышкыр жойлоп жүрөт, алар да терең каныккан жашоону баштарынан өткөрүшөт. Ал жерде жашоонун, адам жана коомдун эң татаал маселелери сыноодон өтөт. Анын чыгармаларында түбөлүк жашачу табыят жана түбөлүк уялачу адамдык аң-сезим айкалышкан. Чыңгыз Айтматов дегенде ушуну түшүнөбүз.

Айтматовдун чыгармалары өзүнө таалим-таасир берди деген жаштар да четтен чыгууда. Маселен, Кыргызстандан эмгек мигранты болуп Москвага келип азыр басмаканада иштеп аткан Акматбек Асанов:

- Биз Москвада жүргөндө, көп учурда, бизди бул жерде улутуң ким деп сурайт. Кыргызмын десек Айтматовбу деп айтышат. Чыңгыз аркалуу бизди таанып калышат. Жазуучубуздун ысмы ушунча кеңири белгилүү экенине сыймыктанасың. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын мектепте экенимде эле окуганмын. Анын «Биринчи мугалим» повести мага катуу таасир эткен. «Жамиля», «Бетме-бет» повесттери эмдигиче бүгүнкү күндөй эле көз алдымда.

Профессор Сидоровдун эскерүсүндө кыргыз залкар жазуучусунун достугу аны - орус интеллигенциясынын бараандуу өкүлү үчүн күч-кубат болуп кызмат өтөгөнү айтылат.

- Мен анын «Ак кеме», «Кылым карыткан бир күн» жана башка китептерине сын жазгамын. Дайыма жолугуп, акыл-ой бөлүшүп турар элек. Көп улутуу жергебиздин чегинде, Брюсселде, Парижде... Анын достугу мага, менин ишкердигиме, чыгармачылыгма тээк болгон. Жардамы тийген. Анын 70 жылдык мааракесин биз Парижде кенен-чонон белгилеп кийин Бишкекте улаганбыз. Ал экзистенциализмдин жаагын айыруучу. «Ак кемени» мен XX кылымдын экичи жарымындагы советтик китептердин арасынан эң кайгылуу, эң маанилүү жана акылман китептин бири деп эсептеймин. Кыйлалаган жылдар окулуучу жазуучу. Кылымдар карытчу жазуучу.

Залкар жазуучудан таасир алган жаш режиссер Улан Баялиев өзүнүн чыгармачылык башаты катары Айтматовду көрсөтөт:

- Эгерде менде чыгармачылык башталыш бар десек, анда ал Чынгыз Төрөкуловичтен башталган. Эмне дегенде, менин балалык, жаштык кездерим таасирденүүнү устат жазуучунун чыгармаларынан алган. Анын адамга карата сүйүүсү, адам баласынын табыятын билүүгө карата жасаган аракети мен үчүн абдан баалу. Анын чыгармаларындагы ушул касиеттер аны гениалдуу жана нагыз улуу адам экендигин күбөлөп турчу.

Ал эми устаттын окурмандарына келсек, эмгек мигрант болуп келип, Орусияда жарандык алган, кийинки учурда Черкизов базарында сатуучу болуп иштечү Кубанычбек Бозмолоков мындай дейт:

- Кыргызча китептерин окугамын. Айтматовду жакшы деп баалайбыз. Эң жакшы жазуучу деп баалайм. Мындай киши дагы болобу, болбойбу, Кыргызстанда мындан ары, аны киши билбейт.

Москвалык жазуучулар союзунун жетекчиси Сидоров болсо ой чабытын мындайча сөздөр менен жыйынтыктады:

- Мен аны (Айтматов – ММ) менен Германияда жолукканым эсиме келет. Немис тилине анын чыгармалары бүтүндөй которулуп турар эле. Кай жакка барба Чыңгыздын китептери сатылып атканын көрөр элек. Мен аны менен сыймыктанчумун. А кезде эки Германия арасын дубал бөлүп турчу. Идеологиялык карама-каршылык тоскоолдук кылчу. Бирок Айтматов дал ошол дубалды небак эле талкалап салган. Баса, Арагон ал туурасында жазган. Бир сөз менен айтканда, ал XX кылымдын башкы жазуучуларынын бири эле.

XS
SM
MD
LG