Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:09

Грекия коомдук-саясий кризистин кырында турат


Греция - полиция менен демонстранттардын Афиныдагы кагылышуусу, 2008-жылдын 9-декабры.
Греция - полиция менен демонстранттардын Афиныдагы кагылышуусу, 2008-жылдын 9-декабры.

Грек өкмөтүнө кысым күчөөдө. Бир нече күндөн бери токтобой келаткан тополоңдорго удаа өлкөдө жалпы улуттук иш таштоо жана антиөкмөттүк демонстрациялар башталды.

Жаштардын толкундоолору 15 жашар өспүрүм полициянын огунан каза болгондон кийин тутанган.

Афинаны жаш чыгаруучу газдын туманы каптап, көчөлөрдө өрттөнгөн, бүлүнгөн дүкөндөрдү, машиналарды көрсө болот. Түн ичинде аламандаган жаштар парламенттин тепкичтерине чейин барып, имаратты кайтарып турган полициячылар менен кагылышуу чыгып кетти. Ошентип, нааразычылыкка чыккандар Костас Караманлис жетектеген консерваторлордун өкмөтүн бийликтен кетирүүнү максат кылып жатышканы айкын болду.

Тополоңдордун башында турган радикал студенттерге жумушчулардын кыймылы, саясий партиялар кошулушту. Оппозициядагы Социалисттик партиянын лидери Георге Папандреу Караманлисти кызматтан кетүүгө чакырды. Кесиптик кошуундар болсо өкмөттүн экономикалык саясатына нааразылык иретинде жалпы улуттук иш таштоо уюштурушту. Бул акция көчө тополоңдору тутана электе эле пландалган. Бирок жаштардын толкундоолору антиөкмөттүк маанайды ого бетер күчөттү.

Демократиянын байыркы бешиги Грекия мындай абалга кандайча кептелди?

Өткөн ишембиде 15 жашар өспүрүм полициянын огунан көз жумган. Полициячы аны кокустук деп атады. Бирок окуя кандай кайгылуу болобосун, тополоңдордун масштабы анын артында башка себептер турат дегенге негиз берет.

Албетте, бардыгы эле баш аламандыктарды чыгаргандарга кошулбайт.

Премьер Караманлис толкундоолор үчүн “демократиянын душмандары” күнөөлү деп ырастоодо. Ал кызматынан кетүү ниети жөнүндө ишара кылган жок.

Арийне Караманлис өтө популярдуу эмес өкмөттү жетектейт. Ал калктын ишениминен өзгөчө глобалдуу кризис башталгандан бери чыгууда. Жаштар арасындагы жумушсуздук өсүүдө, баалар асмандап, Еврошаркеттин эң кедей өлкөлөрүнүн бири жакырчылыкка батып баратат.

Буга кошумча өкмөт мүчөлөрүнө байланыштуу бир нече чатак кайнап турган элдин нааразылыгына май тамызды. Анын үстүнө өлкөдө анархиялык маанай күчтүү. Анархисттер, албетте, бул жолу да көчө тополоңдоруна кошулду. Мунун бардыгы биригип, азыркы кризиске алып келди. Эми Караманлис эрте шайлоо жөнүндө жарыялашы ыктымал.

XS
SM
MD
LG