Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:45

Итекэйр чатагы кайра козголду


Жогорку Кеңештин депутаты Ибрагим Жунусов Итекэйрдин учагы 22-ноябрда Ош аба майданында шассиси ачылбай жүргүнчүлөрдүн өмүрүн коркунучка алып келгенин белгилеп, аны иликтөө боюнча комиссия алешемдик менен иш жүргүзүп жатканын билдирди. Депутат коопсуздук максатында иликтөө иштери толук аягына чыкканга чейин Итекэйрдин учактарын токтото турууну талап кылып кылды. Депутат Бегалы Наргозуев Малайзия аба компаниясынын Куала-Лумпур-Бишкек-Франкфурт-на-Майне аба каттамын уюштурууга аракеттенип жатканын, бирок ал Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министрлиги, Манас аба майданынын жетекчилиги тарабынан колдоого ээ болбой жатканын билдирди. Ал бул каттамды уюштуруу мамлекет үчүн пайдалуу экенин кошумчалады.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG