Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:18

Евразия экономикалык шериктештигинин жыйыны болот


12-декабрда Москвада шериктештиктин өкмөт башчыларынын жыйыны болот. Ага Кыргызстан премьер-министри Игорь Чудинов катышат. Жыйында дүйнөлүк финансылык кризистин таасирлерин азайтуу маселелери да карала тургандыктан каржы министрлери, Улуттук банктардын өкүлдөрү да катышат. Евразия экономикалык шериктештигине Кыргызстан, Казакстан, Россия, Беларусь, Тажикстан мүчө. Өзбекстан болсо ноябрь айында мүчөлүгүн токтоткон.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG