Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:19

Астанада Айтматовду эскерип жатышат


Астанадагы мекендештер улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерип жатышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган шаардагы кыргыздардын маданий борборунун төрагасы Шавкат Исмаилов билдирди. Анын айтымында, борбордун кызматкерлери онунчу декабрдан тарта мектептерге барып, жазуучу тууралуу доклад жасап жатышат. Окуучулар болсо чакан көрсөтүү уюштурууда. Мындан тышкары 12-декабрь - залкар инсандын туулган күнүндө кыргыздардын маданий борборунда Айтматовду эскерүү кечеси өтүп, маркумга багышталып куран окутулат. (AiJu)

XS
SM
MD
LG