Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:19

Жогорку Кеңеш УТРКнын Байкоочулар кеңешин шайлоодо


Жогорку Кеңештеги президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Камбаралы Конгантиев президент тарабынан УТРКнын Байкоочулар кеңешине сунушталган талапкерлердин ысмын атады. Алар- Максуда Айтиева, Актан Арым Кубат, Бексултан Жакиев, Тынай Ибрагимов, Назаркул Ишекеев, Мира Карыбаева, Ташмамбет Кененсариев, Кадыралы Конкобаев, Абдисамат Сагымбаев, Керимберди Турапов. Жогорку Кеңештеги социал-демократиялык фракциянын мүчөлөрү Иса Өмүркулов, Роза Отунбаева тандалган талапкерлер сый-урматтуу инсандар экенин белгилеп, бирок аларды тандоо жолуна нааразылык билдирди. Алар ошондой оппозициялык партия, өкмөттүк эмес уюмдардан, башка улуттардан өкүлдөр кирбей калганын ачыктады. Талкуу уланууда.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG